Image

Биз тууралуу

КОЛУҢУЗДАГЫ «БАРАК ЭЛДЕ» ЖУРНАЛЫ.

ФЕРМЕРЛЕРГЕ АЙЫЛ ЧАРБА МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА БАГЫТ БЕРҮҮГӨ ЖАРДАМ КАТАРЫ БИРИНЧИ ЖОЛУ ЖАРЫК КӨРҮҮДӨ.

Редакциялык коллектив материалды өзгөчө бир жигердүүлүк менен даярдап, болочок окурмандары менен бөлүшкүсү келет. Журналдын структурасын түзүүдө биз жөн гана илимий маалыматтарды, кургак фактыларды жазуудан баш тарттык.

Ар бир жаңы нерсенин артында маселени оригиналдуу жол менен чечкен адамдар турат эмеспи. Биз мына ушундай адамдар тууралуу баяндап, алардын тажрыйбасын, сунуштарын жана дагы айыл чарба өсүмдүктөрү, дыйкандардын мээнетин жеңилдеткен заманбап техникалар жана технологиялар жөнүндө түркүн маалыматтарды жазмакчыбыз. Журналдын ар бир номурунда чыгуучу малчылык, аарычылык, дыйканчылык боюнча материалдар Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүү тенденциясына көз салып турмакчы. Мунун менен бирге Кыргызстандын климаттык зонасына карап эң керектүү жана кызыктуу темаларга басым жасоого аракет кылабыз.

Ай сайын айыл чарба адистери биздин окурман менен дыйканчылыктын сырларын бөлүшүп, ага орундуу кеп-кеңешин, насаатын берип турмакчы. Ошондой эле журналыбызда боло турган долбоорлор, көргөзмөлөр, жарманкелер тууралуу актуалдуу кабарлар байма-бай жарыяланат. Аналитиканы, эксперттердин ой-пикирин, айыл чарбасы жаатындагы болжолдоону камтыган маалымат рубрикабыз кызыктуу болгону турат.


Айыл чарбалык журнал

Негиздөөчү жана басып чыгаруучу: ОсОО «DSI»

Мезгилдүүлүгү - 1 айда бир жолу

2017-жылдын февраль айында негизделген


Башкы редактору: Узакбаева Чолпон

Дизайнери: Илья Страшников

Cүрөтчү: Сторожева Алина


Дареги: Бишкек ш., Калык Акиев көч. 11

Телефон: +996 312 883 873

+996 772 678 715

Skype: barakelde.mag

Сайт: barakeldemag.kg

e-mail: barakelde.mag@gmail.com | barakelde.mag@yahoo.com


Журналда жарыяланган материалдар автордун көз карашын, пикирин билдирет. Маалыматтын, цитатанын ж.б. аныктыгы үчүн автор жооптуу. Редакция материалдарды кыскартууга жана түзөтүүгө укутуу. Редакциянын уруксатысыз материалдарды кайра басып чыгарууга тыюу салынат.


Мамлекеттик каттоо күбөлүгү  1019243301-ООО от 17 февраля 2017 года 

Посмотреть на карте Бишкека

Найти проезд до Барак Элде, журнал