Image

Адамдар

/kg/articles/biznes-assotciatciia-jia/
Адамдар

БИЗНЕС АССОЦИАЦИЯ JIA

JIA Бизнес Ассоциациясы 2006-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы жаш ишкерлер тарабынан түптөлгөн. Ассоциация ишкерлердин укугун жана кызыкчылыктарын коомдун бардык катмарларында коргоону максат кылып, бүгүнкү күндө бүткүл өлкө боюнча 500дөн ашуун ишкердин башын бириктирип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет

Алсак, буга чейин Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас аймактарында гана өкүлчүлүктөрүбүз болсо, өткөн жылы Баткен жана Токмок шаарларында кеңселерибиз ачылып, жергиликтүү ишкерлер менен тыгыз иштешүүдө. Мындан сырткары, JIA өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн алдыңкы экономикага ээ АКШ, Туркия, Жапон, Кытай жана Украина өлкөлөрүндө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

JIA Бизнес Ассоциациясы түптөлгөндөн берки 10 жыл ичинде бизнес жаатында бир топ демилгелерди көтөрүп, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана коомдун ар кайсы катмары менен эриш-аркак иштешүү аркылуу өлкөдөгү экономикалык, социалдык маселелерди чечүүгө салымын кошуп келүүдө.

Өлкөнүн өнүгүүсү атаандаштык туруктуулугуна ээ жеке секторлордон жана ыңгайлуу шартка ээ бизнес чөйрөдөн көз каранды. JIA бизнес жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту жактап, мамлекет менен тыгыз иштешип келет. Анткени ишкерлер которгон салык жана башка шарттуу түрдөгү которуулар – бардык жарандарга, өзгөчө келечек муунга кызмат көрсөткөн мектептер жана социалдык мекемелер экендигин жакшы түшүнүүдө.

Ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү жана ишкерликти ар тараптуу өнүктүрүү максатында Ассоциация тармактык комитеттерди түзүп, мүчөлөр тиешелүү комитеттерде бирдиктүү иш алып барышат. JIA Агро комитети да мүчөлөрүбүздүн демилгеси менен 2015-жылдын 22-январында түзүлгөн. Комитеттин түзүлүүсүнүн негизги максаты – айыл-чарба тармагында иш алып барган ишкерлерибизди бири-бирине жакындан тааныштыруу, бири-бирине көмөктөшүүсүнө шарт түзүү, тармакка тиешелүү тематикалык иш-чараларды биргеликте уюштуруу, өлкөбүздүн айыл-чарба тармагынын өнүгүп-өсүүсүнө салым кошуу болуп эсептелет. Комитет алкагында ишкерлерди ар тараптуу өнүктүрүү максатында семинар-тренингдер, жолугушуулар уюштурулуп турат. Андан сырткары тажрыйба алмашуу жаатында мүчөлөрдүн ишканаларына ­зыяраттар уюштурулуп, жакындан таанышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп келет. Айыл-чарба тармагында JIA Бизнес Ассоциациясы бир катар маанилүү иш-чараларды демилгелеп, айрымдарына өнөктөш катары иш алып барууда. Алсак, жыл сайын өрүк бышык учурунда “Сары кыздын тою” аттуу өрүк фестивалы өтөт. Ысык-Көл облусунда өтчү фестиваль аймакта өскөн өрүктөрду даңазалап, келген конокторго өрүктүн түрдүү сорттору, андан жасалган кыям жана башка азыктар көрсөтүлөт. Фестивалдын алкагында өрүк өстүрүү, айыл-чарба тармагында атайын күнөскана жана тамчылатып сугаруу, өрүк менен ишкердик кылуу сыяктуу тренинг-семинарлар уюштурулат. Жана ошондой эле Талас облусундада төө буурчакты өндүргөн жана экспортко чыгарган ири ишкана ишкерлердин башын бириктирүү, төө буурчакты кыргыз ашканасында колдонуу багыттарын көрсөтүү, буурчактын үрөнүнүн сапатын жакшыртуу максатында буурчак фестивалдары өткөрүлүп, натыйжада ишкерлерибиздин чет өлкөлүк ишкерлер менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрү артууда.

JIA мүчөлөрүнүн арасынан күнөскана менен алектенген ишкерлер да өзүнчө Ассоциация түзүшүп, өлкөбүздүн күнөскана тармагын жакшыртуу биргеликте иш алып барышууда.

Кыргызстан агрардык өлкө. Жалпы жер аянты 19,6 млн га түзсө, анын ичинен 10,6 млн га же 55,8 пайызын айыл-чарбасына жарактуу жерлер түзөт. Ал эми КМШ боюнча алганда, айыл-кыштак калкы орто эсеп менен 30 пайыздан ашпаса, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 60 пайыздан ашыгы айыл-кыштактарында жашайт. Демек, Кыргызстандын келечеги айыл-чарбасынын өнүгүшүнө канчалык байланыштуу экенин ушундан эле баамдасак болот. Андыктан, өлкөбүздүн эл чарбасынын негизин түзгөн айыл-чарбасын өнүктүрмөйүнчө алдыга жылуу оор экени белгилүү. Ал эми бул багытта бирдиктүү иш алып барган ишкерлерди колдоп, шарт түзүп берүү мамлекеттин колундагы иш.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий