Image

Окуялар

/kg/articles/buurchak-feast-2017/
Окуялар

BUURCHAK FEAST 2017

Жергиликтүү дыйкандарга жардам берип, өндүрүштүн жаңы ыкмаларын киргизүү максатында мамлекетибиздин жер жерлеринде ар түрдүү форматта иш-чаралар байма-бай өтүп турат. Быйыл дагы, жаз мезгилинин келиши менен Талас өрөөнүндө жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң фестиваль болуп өттү. «BUURCHAK FEAST–2017» аталышындагы фестиваль “Талас ЖИА” Бизнес ассоциациясы, Талас облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана «Манас-Ата Себат» лицейи менен биргеликте өткөрүлүп, иш чаранын алкагында 100 алдынкы фермерлер, ишкерлер жана Япониядан келген атайын эксперттер катышышты. Фестиваль эки күнгө созулуп, биринчи күнү фестиваль жарманкенин ачылышы менен башталып, ага “Талас ЖИА” Бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Миргазы Оморов, КР Экономика Министринин орун басары Эльдар Абакиров, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев, ЖИА Бизнес ассоциациясынын координатору Руслан Акматбек жана “Талас-Буурчак” ассоциациясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Бакай Кенжебаев сөз сүйлөп, “Мыкты төө буурчак өндүрүүчү” номинациясында 10 мыкты фермерге, “Мыкты экспорттоочу” номинациясында 5 мыкты буурчак өндүрүүчү фирмага тиешелүү сыйлыктар ыйгарылды. Күндүн экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, төө буурчактан жасалган тамактардын жарманкеси болуп өттү. Жарманкеде тамактарды даярдоо ыкмасы тууралуу мастер класс уюштурулуп эттүү буурчак шорпосу, лобиани, куурулган жашыл бурчак, буурчактан туздуу пирог, лобио, буурчак самсасы, пилаки, буурчактан жасалган котлеттер, шириндиктер, пицца жана салаттар көрсөтүлдү.

Күндүн жүрүшүндө дагы эки дискуссия болуп, төө буурчакты экспортко чыгаруудагы негизги талаптар, буурчакты экспорттоодо көлөмдү жана сапатты арттыруудагы негизги маселелер, экспортунун географиясы бүгүн жана келечекте, экспорттоодогу негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору турасында сөз болуп, дыйкандар арасында кызуу талкууга жүрдү. Кыргыз Республикасынын экспорттолуучу жашылча-жемиштердин үрөөндөрүн өндүрүүнү илгерилетүү долбоорунун эксперти Тацуши Судо “Төө буурчактын үрөөнүн туура пайдалануу жана өндүрүү методдору” темада дыйкандарга тренинг өттү. Талкуунун жүрүшүндө акыркы мезгилдеги төө буурчактын түшүмү азайып бара жатканына жердин азыктуулугу начарлаганы себеп болуусун белгилеп кетишти.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий