Image

Ой-пикир

/kg/articles/elektroenergiia-diplomatiia-i-migratciia-na-chto-povliiaet-izmenenie-klimata-v-kyrgyzstane/
Ой-пикир

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ, ДИПЛОМАТИЯ ЖАНА КАЛКТЫН ОРУН КОТОРУУСУ - КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЭМНЕГЕ ТААСИР ЭТЕТ?

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ КЫРГЫЗСТАНГА КАТУУ СОККУ УРАТ – МӨҢГҮ СУУСУНУН КӨЛӨМҮНҮН АЗАЙЫШЫ АЙЫЛ ЧАРБАГА ЖАНА ГИДРОЭНЕРГЕТИКАГА ГАНА ТААСИР ЭТПЕСТЕН, ОШОНУ МЕНЕН БИРГЕ КАЛКТЫН МИГРАЦИЯСЫНА ЖАНА ТЫШКЫ САЯСАТКА ДА ТААСИР ЭТЕТ. КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮНҮ ИЗИЛДЕП ЖАТКАН ЮНИСЕФТИН АДИСИ, «ЛИВЕНЬ.LIVING ASIAГА»КИЙИНКИ ЖҮЗ ЖЫЛДА ӨЛКӨНҮ ЭМНЕ КҮТҮП ТУРААРЫН АЙТЫП БЕРДИ.

НИКОЛАС МУЛИНЮ

өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө иштөө тажрыйбасы бар климаттык өзгөрүү боюнча ЮНИСЕФтин адиси. Ал климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарбага жана жакырчылыкка тийгизген таасирин Түштүк-Чыгыш Азияда, Азия-Тынч океан жана Африка чөлкөмдөрүндө изилдеген. Мулиню климаттын өзгөрүшүнүн балдардын жыргалчылыгына болгон таасирин изилдөө максатында Кыргызстанда эки жума болду.

АКЫРКЫ 20 ЖЫЛДА КЫРГЫЗСТАНДА ОРТОЧО ТЕМПЕРАТУРА 1,4ОСГА ЖОГОРУЛАГАН

Биз Кыргызстанда климаттын олуттуу өзгөрүшүн байкадык.Кыргызстан региондогу климаттын өзгөрүшүнө өтө сезгич өлкөнүн бири катары таанылды. Бул Кыргызстандын мөңгү суусуна көз карандылыгы менен байланыштуу.

Пессимисттик божомолго таянсак, кылымдын акырында өлкөдө 8°C градуска ысыгыраак болушу мүмкүн - ЮНИСЕФ

АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА МИГРАЦИЯ

Дүйнөдө ар бир төртүнчү бала 2040-жылы сууга жетпеген райондо жашайт - ЮНИСЕФ

Жайында мөңгүлөр жана кар эрий баштайт, алар дарыялар менен каналдарды көп өлчөмдөгү суу менен камсыздайт. Суу сугат үчүн дагы жеткиликтүү болот. Келечекте суунун мындай көлөмү кыскарышы мүмкүн, анткени, жогорку температурадан улам мөңгүлөр азаят. Жайдын алды менен мөңгү суусу арбын болушу мүмкүн, бирок бул убактылуу гана көрүнүш. Кийинчирээк, суунун деңгээли төмөндөйт.

Бул айыл чарбасына кандай таасир этет? Айыл чарбасы мөңгү суусунан өтө эле көз каранды. Климаттын өзгөрүшү сел алууларга жана кургакчылыкка алып келет –мындай көрүнүштөрдү азыр Азияда жана дүйнө жүзү боюнча көп эле көрүп жатпайбызбы.

Сугат суусунан көз каранды болгон айыл чарбасында суунун тартыштыгынан өндүрүштүн кыскаруусу келип чыгат, бул болсо өз учурунда үй-бүлөлөр аз киреше алып, балдардын турмуш-тиричилигине терс таасир этет дегенди түшүндүрөт.

Үй-бүлөсүнө акча таап келүү үчүн балдарга көп иштөөгө туура келиши мүмкүн.Балким, оокат табыш үчүн үй-бүлөлөр айыл жергесинен шаарларга көчүүгө муктаж болот. Мындай массалык орун которуу чынында эле болушу мүмкүн. Бирок, мындай көчүп келген адамдарды каттоого жана социалдык кызматтар менен камсыз кылууга Бишкекте шарттар барбы? Боло турган мындай көрүнүштөрдү оңойлотуш үчүн мамлекет атайын стратегия иштеп чыгууну эмитен ойлонушу зарыл.

Сууга жетпеген алыскы аймактарда, тоолуу райондордо, мал менен оокат кылган адамдар температуранын жогорулашынын кесепетин жер кыртышынын эрозиясынын көбөйүшүнөн улам сезишет. Анын себептери – бир эле жерге ашыкча мал жаюу, кургакчылык жана чөлгө айлануу. Айыл тургундарына өтө эле оор болот.

22-МАРТ ДҮЙНӨЛҮК СУУ КҮНҮ

БУЛ ДАТА 1993-ЖЫЛЫ БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН ГЕНЕРАЛДЫК АССАМБЛЕЯСЫ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕН

2030-ЖЫЛЫ СУУГА БОЛГОН ТАЛАП АНЫ АЛУУДАН 40%ГА ЖОГОРУ БОЛОТ

БУЛ ДАТА ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

Суу ресурстарын сактоо жана өздөштүрүү керектигин эске салуу үчүн керек

ЖЕР БЕТИНИН 70% – СУУ. БУЛ БОЛСО ДЭЭРЛИК 1,4 МЛРД КВ. КМ ЭЭЛЕЙТ

СУУНУН 97,5% - ТУЗДУУ, АЛ ЭМИ БААРДЫК СУУНУН 2,5% ГАНА ТУЗСУЗ

ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТЫШКЫ САЯСАТ

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЕКТРОЭНЕРГИЯНЫН 90% НАРЫН ДАРЫЯСЫНДАГЫ ТОКТОГУЛ ГЭСИНДЕ ӨНДҮРҮЛӨТ. ЭГЕРДЕ ДАРЫЯНЫН ДЕҢГЭЭЛИТӨМӨНДӨЙ ТУРГАН БОЛСО, ПЛОТИНАДАН АЗЫРААК СУУ ӨТКӨРҮҮГӨ ТУУРА КЕЛИП, ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ӨНДҮРҮҮ КЫСКАРАТ.

Бул суу абдан керек болгон коңшу өлкөлөргө да кесепетин тийгизет. Суунун көлөмүн азайтуу бул коңшу өлкөлөр менен болгон дипломатиялык алакаларга таасир этиши мүмкүн.

Эгерде Кыргызстандын өзүндө электр энергиясын өндүрүүгө суу жетишсиз болсо, анда ал коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга же жылуулук электростанцияларын камсыздоого нефть же көмүр сатып алууга мажбур болот.

Арийне, келечекте гидроэнергетика үчүн суунун көлөмү сөзсүз азаят. Күн батареялары буга жооп болушу мүмкүн.

Эгер Кыргызстан электр энергиясын сатып алууну чечкен күндө да, ага акча керек. Мында, балдар үчүн чоң коркунуч жаралат: анча көп акчасы жок мамлекет өзүнүн болгон бюджетин мурда мөңгү сууларынын эсебинен дээрлик бекер болгон электр энергиясын сатып алууга жумшайт. Бул акча кайдан табылат?

Биринчи кезекте социалдык сектордун: мектептердин, ооруканалардын, балдарды колдоонун чыгымдарын кыскартат. Бул чыгымдарды тез эле кыскартуусу мүмкүн. Мамлекеттин жана саясатчылардын аргасы жок: эгер өлкөдө электр энергиясы жетпей жатса, кышында калкты жылуулук менен камсыздай албай жатсаң, анда олуттуу саясий кесепеттер келип чыгары бышык эмеспи.

Климаттык өзгөрүү болуп жатат жана жакынкы келечекте, кийинки 30 жылдын ичинде, бул кылымдын аягына чейин улана берет. Анын таасири астында суу балдардын жыргалчылыгына, миграцияга, энергия өндүрүүгө жана айыл чар-бага таасир этет.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий