Image

Аналитика

/kg/articles/kak-malomu-i-srednemu-biznesu-stat-eksporterom/
Аналитика

Чакан жана орто бизнес кантип экспортер боло алат

Экономиканын ааламдашуусу бардык континенттерди жана өлкөлөрдү каптап, андан сырткары болуу дээрлик мүмкүн эместей. Мындан ары экспорттук иш-чаралар бир гана ири ишканаларга мүнөздүү болбой калды. Көп өлкөлөрдүн чакан жана орто ишканалары өндүрүшкө жана башкарууга инновациялык ыкмаларды киргизүүдө, эл аралык кызматташтыктын жаңы түрлөрүн иштеп чыгууда жана эл аралык соода-сатыкка кеңири катышууда. Кыргызстандын соода биримдиктерге кирүүсү жана ВСП+ макамына ээ болушу менен жаңы рынокторго чыгуу жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылууда. Бирок мында «Кыргыз-стандын чакан жана орто бизнеси экспортер болууга даярбы?» деген чоң суроо туулуда.

Кыргыз Республикасынын аймагында 13,5 миңден ашык чакан жана орто бизнес бар, анын 12,7 миңи - чакан ишканалар, ал эми 0,8 миңи орто бизнестин ишканалары. Ишканалардын 25% дан ашыгы чекене жана дүң соода, 16,5% - өнөр жай тармагында иштейт, ал эми 11,8% - кесиптик, илимий жана техникалык ишмердикти жүргүзөт. Өткөн жылы өзүнүн бизнесин ачкан 350,7 миң жеке ишкер катталган. 2010-2014-жж. чакан жана орто бизнес ишканалары өндүргөн жалпы кошумча нарктын үлүшү орточо эсеп менен ИДПнын 40% түзгөн. 2014-жылы чакан жана орто ишканаларда (фермердик жана дыйкан чарбаларды санабаганда) иштегендердин саны 88,5 миңге чукулдап, экономикада алектенгендердин 3,9% түздү. 2014-жылы экспорт 465,4 млн. АКШ долларды түзгөн, бул болсо 2013-жылыдан 19,5% га аз болгон.

Экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча так иштелип чыккан багыттар жоктугунан улам, экспортту өнүктүрүү боюнча бардык мамлекеттик программалар толук аткарылбай келет. Ошентип, эреже катары, экспортту илгерилетүү жүрбөйт, ал эми тышкы соодада импорт үстөмдүк кылат. Улуттук ишканалардын өнүгүүгө эч кандай стимулу жок, алар көп жагынан тышкы рынокко багытталган эмес. Бул, өз кезегинде, улуттук өндүрүүчүлөрдүн инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтүүдө.

Кыргызстандын продукциясын тышкы рынокторго чыгарууда негизги кыйынчылык бул экспорттун сырьелук багытта болуусу. Даяр продукция экспорттук статьялардын кичинекей гана үлүшүн түзөт. Бул болсо, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы өнөр жай ишканаларынын көпчүлүгү иштебейт же алардын өндүрүү кубаттулугу болгону 20% гана иштейт дегенди билдирет. Колдонулуп жаткан жабдыктар моралдык жактан көөнөрүп, эскилиги 80% түзөт. Ишкананы чоңойтуу кредитке жетүүнүн татаалдыгынан улам мүмкүн болбой келет. Анткени кредит алуу үчүн күрөө коюу менен же болбосо ири соода көлөмүн тастыктоо зарыл. Бирок, жабдууларга кошумча каржылык салым кылбай туруп, ишкананы чоңойтуу мүмкүн болбойт. Ушинтип, таяктын эки учу демекчи, чечилбес көйгөй болуп келет.

Рыноктун ордун (ниша) изилдөө маркетингдин негизи жана ал товарды ийгиликтүү сатууда маанилүү болгон бардык шарттардын талдоо дегенди билдирет. Биздин менталитетте «кыргыздын товарлары уникалдуу», «бизде өндүрүлгөн продукция экологиялык жактан эң таза», жана дагы «биздин товарларды дүйнөлүк рыноктор күтүп эле турат» деген түшүнүктөр болуп келет. Бирок, чындыгында андай эмес. Биздин ата-мекендик компаниялар жаңы рынокторго чыгып баштаганда мындай матрица сунушталат: Суроо-талапты аныктоо, суралуучу продукттарды аныктоо, суралуучу продукция чыгаруу.

  1. «Ишкананын тышкы чөйрөсүн» талдап чыгуу кажет. Бул анализдин алкагында макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү (экономикалык, саясий, технологиялык жана коомдук-маданий факторлорду) карап чыгуу, ошондой эле рыноктун абалын жана атаандаштык чөйрөнү талдоо керек.
  2. Ишкананын күчтүү жана алсыз жактарын талдоо. Бул анализ мүмкүнчүлүктөрдү жана кыйынчылыктар, ошондой эле дүйнөлүк тенденцияны аныктоо үчүн керек. Мындан тышкары, ишкана өзүнүн атаандаштык артыкчылыктарын аныктоого тийиш. Ишкананын лидерлери рынокто эмнени сунуштаарын жана кандай рынокторго чыгаарын билиши зарыл. Алар ишкананын технологиялык жана ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалдык сатуусун жана кирешесин билиши керек.
  3. Экспорттук стратегияны иштеп чыгууда бардык кызыктар тараптардын кызыкчылыктарын жана күтүүлөрүн карап чыгуу керек. Көп учурда, ар түрдүү кызыктар тараптардын кызыкчылыктары жана күтүүлөрү карама-каршы болот.

Тышкы рынокту анализдөөнү баштаардан мурда, ишкана өзүнүн эл аралык маркетинг боюнча максаттарын жана милдеттерин аныктап алуусу зарыл.

Эл аралык сооданын спецификалык өзгөчөлүктөрүнүн формалары жана түрлөрү болот. Тышкы экономикалык иш-аракеттин мүчөлөрү-катышуучулары үчүн соода ченемдерин жана эрежелерин бирдей кылуу же унификациялоо ар дайым уланып келет. Дүйнөлүк соода коомчулугуна кирүүгө бел байлаган ар бир ишкана бул эрежелердин өзгөчөлүгүнө ылайыкташуусу зарыл.

Сапат стандарттардын жана сертификациялоонун талапка жооп бериши жана шайкештиги экспорттун маанилүү факторунун бири болуп саналат. Стандарт талаптарынын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү негизинен продукциянын сапатын контролдоо ыкмалары, ошондой эле товарды ороо жана этикеткалоо талаптары боюнча ишке ашырылат. ЕАЭБдин жана Евробиримдиктин талаптарына ылайык продуктуларды сертификациялоодо­ бир катар көйгөйлөр бар. Бул көйгөйлөр негизинен сапатты башкаруудагы потенциалдын төмөндүгүнөн жана сертификациялоонун кымбаттыгынан келип чыгат. Жакын арада бул маселе абдан актуалдуу болмокчу. Себеби 2015-жылы Кыргызстан ЕАЭБга кирип жатып 2 жылдын ичинде тамак-аш өнөр жайын ХACCП (HACCP) сертификаты менен камсыз кылууну мойнуна алган эле. 2017-жылдын август айында азык-түлүк коопсуздугу боюнча өткөөл мезгил аяктайт. Бирок, кооперативдерге бирикпей туруп мындай сертификаттарды алууга ата-мекендик ишканалардын дарамети жетпейт. Эгерде сертификация тууралуу сөз кылсак, ХАССП стандарттар боюнча көз каранды эмес фирмалар бар. Бул фирмалар продукциянын сапатын эмес, өндүрүү шарттарын текшеришет. Ишканалар өз эсебинен ХАССП стандарттары боюнча компаниялардын адистерин чакырышы абзел. Алардын чыгарган бүтүмдөрүн (предписание) ишке ашыруу бир топ акчаны, кеминде 10-20 миң АКШ долларын талап кылат. Мунун себеби, өндүрүүчү башында стандарттарды эске албай туруп инфраструктураны салгандыктан, аны кайра түзөп-оңдоого кошумча акча коротууга туура келет. Биздин компаниялардын азыркы абалында мындайга 1-2 жыл убакыт кетет.

Эл аралык сооданын кийинки маселеси – административдик жана бюрократиялык тоскоолдуктар. Буларга экспорт-импорттун тартибинин бюрократиялык татаалдыгы, камсыздандыруу системасынын начар өнүгүшү, логистиканын жоктугу, ачык-айкындуулук принциптерин сактабоо ж.б. тоскоолдуктар кирет.

Бирок бир катар мамлекеттер мындай маселелерди башкача бир жол менен чечишип, өздөрүнүн өндүрүшүн колдоо менен экспорттоону жигердүү өнүктүрдү. Биз чакан жана орто бизнеси экспорт менен активдүү алектенген бир нече мамлекеттердин (Малайзия, Түштүк Корея, Грузия) тажрыйбаларын талдап көрүп, биздин өлкөгө пайдалуу бир катар сабактарды таптык.

Түштүк Корея

1980-1990-жылдары кризистен кийин финансылык стабилдештирүү жана каржы секторун, тышкы сооданы жана чет элдик инвестицияны либералдаштыруу жүргүзүлгөн. Мамлекет тарабынан төмөнкү иш-чаралар негиз боло алды:

• Жеңилдетилген кредиттердин бир бөлүгүн берүү менен чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле ири өндүрүүчүлөрдү толук колдоодон баш тартуу.

• Чет элдик капиталды тартуунун негизинде баа конкуренциясына эркиндик берүү.

• Чет элдик атаандаштыкты жогорулатуучу жаңы патент мыйзамы иштелип чыккан.

• Финансылык капитал рыногун толук либералдаштырууну камсыз кылуу максатында 1988-ж. чет элдик инвестицияны стимулдаштыруу боюнча мыйзам кабыл алынган.

Жаратылыш ресурстары жок Түштүк Корея үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон сырткы сооданы либералдаштыруу реформанын негизги жыйынтыгы болду.

Импорттун көлөмү акыркы 7 жылдын (1980-1987жж.) ичинде 68,6% дан 93,6% га чейин өсүп, 1988-жылы 95% ды түзгөн, ал эми чет элдик инвесторлор жетпеген улуттук ишканалар болгону 2% ды түзгөн.

Грузия

Грузияда 2004-жылдан 2013-жыл-га чейин экспорт 4,5 эсе өскөн. Грузиянын тажрыйбасында экспортту кеңейтүүгө жана диверсификациялоого жеке сектор жооп берген, ал эми Өкмөт төмөнкүлөрдү: иштеп жаткан жана потенциалдуу соода өнөктөштөр менен эл аралык мамилени өнүктүрүүнү; эл аралык рыноктордо улуттук экспорттоочулардын кызыкчылыктарын коргоону; эл аралык талаптарга ылайык сапатты көзөмөлдөөчү улуттук инфраструктураны өнүктүрүүнү; эл аралык соодада техникалык тоскоолдуктарды кыскартууга аракеттенүүнү; экспорттоочуларды экспорттук рыноктор тууралуу маалымат менен камсыз кылууну жана ошондой эле транспорт жана логистика объектилерин өнүктүрүүнү мойнуна алган.

Грузиянын өкмөтү милдеттерди мойнуна алуу менен, соодадагы төмөнкү маселелерди чечти:

  1. Соодада техникалык тоскоолдуктарды азайтты.
  2. Айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөштү.
  3. Экспорттун өнүгүүсүнө көмөкчү системаны түздү.
  4. Эл аралык соода мамилеле-рин өнүктүрдү жана экспортту өнүктүрүү үчүн максаттарды койду.

Төмөндөгү мекемелер түзүлгөн: «Экспортерлордун кызыкчылыгын коргоо борбору» — экспортко багытталган грузин ишкерлери эл аралык соода жаатында туш болгон кыйынчылыктар тууралуу маалыматтарды чогултат.

«Грузиянын улуттук инвестиция агенттиги» — грузин экспортчулары жана товарларынын интерактивдүү базасын www. tradeingeorgia.com сайттында түздү.

«Ишкердикти өнүктүрүү агенттиги» — өлкөдөгү чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнү стимулдаштыруу.

«Экспортту колдоо боюнча агенттик» — Бул уюм негизги төрт аспект боюнча иш алып барат: инвестицияны коргоо, экспорттук кредит, каржы кепилдиктери жана факторинг операциялары. Агенттик экспортко багытталган жергиликтүү компанияларга колдоо көрсөтүп, аларга жергиликтүү операцияларга каржылоо алууга, ошондой эле алардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга жардам берет.

«Соодадагы коргоочу чаралар жөнүндө» — ички өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян келтире турган импорттун көбөйүшүнөн ата мекендик өнөр жайды коргойт.

Малайзия

Малайзиянын тышкы соодасы – бул макроэкономикалык туруктуулуктун жана экономиканын структуралык кайра курууунун фактору; тышкы соода саясатын жүргүзүү аркылуу калктын жыргалчылыгын жогорулатуу фактору. Малайзиянын тышкы саясатынын негизги этаптары өлкөнүн өнөр жай стратегиясы жана импортту алмаштыруу жана экспортко багыттоо саясаты менен тыгыз байланышкан.

Малайзия соода саясаты тең салмактуулугу менен айырмаланат: тышкы соодага мамлекет аз кийлигишкени менен, мамлекеттин эффективдүү көзөмөлдөө элементтери (экономиканы көрсөткүчтүү пландоо, пошлина-бажы көзөмөлү, салык жана валюталык жөнгө салуу, субсидиялар жана жеңилдетилген кредиттер ж.б.) бар.

Бул үч өлкөнүн тажрыйбасын карап чыгып, мамлекеттер чакан жана орто бизнестин тышкы рынокко чыгуусуна шарттарды түзүү менен ар тараптуу колдогон деп тыянак чыгарууга болот. Ошону менен эле бирге, чакан жана орто бизнес берилген баардык мүмкүнчүлүктөрдү учурунда колдоно алды.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы чакан жана орто бизнестин экспортко багытталуусу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Кыргызстан иштеп жаткан мекемелерди оптималдаштырып, керек болсо жаңы институттарды түзүп, алардын өз ара макулдашып иштөөсүн камсыз кылуусу керек, ал эми чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн маалымат аянтчаны жана шарттарды түзүүсү абзел.

Кореяда жана Малайзияда жеңилдетилген кредит берүү менен чакан жана орто бизнести колдошту, муну биздин өлкөдө да колдонсок болор эле. Анткени биздеги ЧОБ нааразы болуп келген кредиттөөнүн өтө жогорку пайызын жана кепилдик эрежелерин кайра карап чыгуу зарыл. Жогоруда айтылган өлкөлөрдүн баарында экспорттун өсүшүнө жана диверсификацияланышынын, толук либералдаштыруу максатында чет өлкөлүк инвестицияны стимулдаштыруунун үстүндө көп иштешкен. Буга жетүү үчүн өлкөдө инвестициялык климатты камсыздап, алардын чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө жеткиликтүү болушун камсыз кылуу зарыл.

Тышкы рынокко чыгуунун артыкчылыктары менен катар, олуттуу тобокелчиликтер аныкталат, бизнес жүргүзүүнүн «өзүбүздүн» улуттук ыкмалары стереотиптери жоголот, ишкананын кызматкерлеринин жоопкерчилиги жогорулайт жана бүтүндөй ишкананын атаандашууга жөндөмдүүлүгү артат. Дал ушул себептен улам, экспорттук иш-аракетти баштоону чечүү алдында, ишкананын учурдагы дараметин жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн талдоо, продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн экспорттук потенциалын аныктоо жана экспорттук рынокторду изилдөө абдан маанилүү.

Улук аналитик Мыктыбек Осмоналиев


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий