Image

Адамдар

/kg/articles/kak-posadit-kartoshku/
Адамдар

Кыялдан чындыкка. Павловния

Эрмек Кубатаев Ишкер

Көксөгөн кыялдар бизди башка бир чындыкка алып учуп, кереметке ишендирет, жаңы иш-аракеттерге шыктандырат. Кээде мындай кыялдар коомдун муктаждыктары менен дал келбей калат эмеспи. Бирок, Эрмек Кубатаев тез эле шагы сынып, ындынын өчүргөндөрдөн эмес. Жолунда ар кандай кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар жолукса дагы, Эрмек өзүнүн аздектеген тилегине жетүүгө умтулууда. Бир жолу павловниянын көркөм гүлдөрүн китептен көрүп калып, анын аңкыган жытын искөөнү максат кылат. Арийне, бул керемет даракты жөн гана көрүүнү эмес, аны өз мекенинде өстүрүп, көбөйтүүнү аздектейт. Эрмек өзүн павловниянын кооздугуна суктанууну самаган романтик деп санайт. Ишкер биздин суроолорго жооп берип, павловнияны өстүрүү жана көбөйтүү боюнча бизнеси тууралуу айтып берди.


Айтыңызчы, эмне үчүн павловнияны өстүрүүнү чечтиңиз? Буга кантип келдиңиз?

Мен павловнияны Кыргызстанда өстүрүүнүн биринчи демилгечилеринин биримин деп ойлойм. 2011-жылы мен бир китептен павловния жөнүндө маалыматты окуп калдым. Бул дарак жөнүндө окуп бүтөөр менен, аны өстүрүү боюнча бизнес-идея жаралып, аны ишке ашырууну көксөп калдым. Ал тургай, уйку да качты. Ошентип, павловния жөнүндө маалыматтарды чогулта баштадым. Ал учурда мындай маалымат дээрлик жок болчу. Китепканаларды кыдырып чыктым, китеп дүкөндөрдөн издедим, интернеттен макалаларды окудум, көчөттөрдү алып келүүчү жана сатуучу ишкерлердин байланыштарын издедим. Буга убакыт кетти. Демөөрчүлөрдү жана бизнес-өнөктөштөрдү тартуу үчүн альбом, жарнамалык баракчаларды чыгардым. Павловния тууралуу тааныштарга, досторго, туугандарга маалымат тарата баштадым, ар бир жолуккан адамга айттым. Кыргызстанда бул ишти баштоо үчүн көчөттөрдү сатып алуу максатында өз алдымча бир жарнамалык кампания өткөрдүм.

Идея баарына абдан жакты, бирок Кыргызстанда бул иш болооруна шек санагандар да көп болду. Бирок, тобокелдик рух жана көксөө ишти илгерилетти. Кыргызстанда павловнияны жайылтуу аракеттеринен 3 жыл өткөндөн кийин көп адамдар бул долбоорго кызыга башташты. Бирок, кайра эле баягы тоскоолдуктар келип чыкты – акча жок, отургузуу үчүн жер жок. Андан кийин менин идеям жаккан эки адамды жолуктурдум. Биз Европадан көчөттөрдү алдырдык. 2014-жылы павловниянын алгачкы көчөттөрүн үй шартында отургуздук. Кийинчерээк, биз шериктерибиз менен жакшы иштеше албай, ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик. Ошентип, мен өзүмө өзүм атаандаштык жаратып алдым. Бүгүн павловния менен карапайым адамдар, аймактардагы бизнес жана мамлекеттик органдар кызыгышууда.

Сиз көчөттөр менен жабдыйсызбы? Сиздин демилге менен канча дарак отургузулду? Азыр павловния кайсы жерлерде өсөт?

Кытайда павловниянын көчөттөрүн алуучу менин байланыштарым бар. Аны отургузууну өзүм жүргүзөм. Павловнияны өстүрүү жана жайылтуу оор, убакытты талап кылган иш. Үй шартында мен павловнияны уруктан өстүрүп, карапалары менен кардарларга сатам. Андан кийин кеңеш берип турам. 2015-жылы жайында биз Дасмиянын аймагында 150 көчөт отургуздук. Ушул жазда павловниянын биринчи гүлдөөсүн ошол жерде көрсөңүздөр болот. Ушунча жылдан бери кардарларды таптым, андан кийин ооздон оозго өтүп, кызыккандар улам көбөйүүдө. Болжол менен азыр 2000 дарак өсүп жатат. Кардарлардын арасында «Зеленстрой» жашылдандыруу мекемеси дагы, жеке адамдар дагы бар.

Эгер талыкпай иштесеңиз, иштин жыйынтыгын сөзсүз көрөсүз.

Павловниянын касиеттери, аны пайдалануу тууралуу айтып кетсеңиз.

Павловния экзотикалык өзгөчө дарак. Айлана-чөйрөгө жагымдуу таасир этет, ошондой эле өнөр жайында да пайдаланылат. Павловниянын көркөмдүгүнөн улам, ал шаардык көчөлөрдүн, сейил бактардын көркүн ачат. Бул даракты «шаардын өпкөсү» деп аташат, анткени ал көмүр кычкыл газын кайра иштетип, чаңды азайтат.

Дарактын тамырлары 10 метр тереңдикке кетип, жер көчкү жүрүү жана эрозияга дуушар болуу коркунучу бар жер участокторун бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Жыгачынан эмерек, аспаптар жасалат. Жыгач начар тутангандыктан буюмдарды өндүрүүдө колдонулат. Эң кызыгы, павловниянын жыгачын алуу үчүн сөзсүз эле даракты кыюу зарыл эмес. Аны канчалык кыйган менен, тамыр системасынын мыкты өнүгүшүнө байланыштуу, дүмүрдөн жаңы дарак тез эле өсүп чыгат.

Анын гүлдөрү дары-дармек жасоодо жана косметологияда колдонулат. Жыгачынын пайдалуу касиеттерин чексиз саноого болот. Кыргызстанда өнөр жайда али колдонула элек, анткени дарактар жакында эле отургузулду.

Бул дарак кайдан келген?

Дарак Кытайдан келген. Кылымдар бою Кири деген ат менен Японияда өсүп келген, ал жакта ыйык деп саналат. Павловнияны императордук дарак, зымырыт дарак деп атап келишкен.

Эгер павловнияны үйгө жакын тиксе, феникс кушу (зымырык куш) бакыт алып келет деген дагы бир ишеним бар. Европада бул даракты «Адам атанын дарагы» деп аташат.

Японияда буга байланыштуу бир салт бар: кыз төрөлгөндө атасы үйдө павловния отургузат. Кызы жетилип, турмушка чыгаарда, павловниянын жыгачынан сандык жасашат. Бул даракты Павел Биринчинин кызы – Анна Павловнанын урматына павловния деп аташкан. Ал немис окумуштуусунун Түштүк-Чыгыш Азияга болгон экспедициясын каржылоого жардам берген экен. Япондорго бул ат жагып, алар дагы аны павловния деп атап калышкан.

Келечекке Сиздин кандай пландарыңыз бар?

Быйыл Чолпон-Ата шаарында отургузам. Келечекте аны күнөсканаларда, талааларда жана плантацияларда көбөйткүм келет.

Жаратылышты сактап калуу үчүн ар бир адам кандай салым кыла алат?

- Бүгүнкү күндө бул адамзаттын глобалдуу маселеси. Баардык жерде бул тууралуу айтып келишет, бирок, тилекке каршы, бул курулай сөз боюнча калууда. Экология адамдан жапа чегүүдө. Калктын санын өсүшү, табигый чийки затка талаптын өсүшү дарактардын массалык кыйылышына алып келүүдө, андан улам чөлдөр көбөйүп, жер кыртышы эрозияга учурап, көчкү, сел болуп жатат. Жакында бир коомдук фонд биздин токойлорду текшерип, изилдөө жүргүзгөнүн көрдүм. Эгерде биздин токойлорду мыйзамсыз кыюу ушундай эле темпте уланса, анда Кыргызстан 10-15 жылдан кийин чөлгө айланат деп алар эсептеп чыгышты. Бул тамаша эмес. Ар бир эркектин милдети уул чоңойтуу, үй куруу жана дарак отургузуу деп бекеринен айтышкан эмес. Балалуу болуп атабыз, бак-дарактарды кыйып, үйлөрдү салуудабыз, бирок, дарак отургузууну унутуп калдык.

Эгер ондогон жылдар бою өскөн бир бакты кыйса, ордуна ал кайра өсүп чыкпайт. Ал эми 70-100 жыл ичинде павловния 8 ирет кыйылып, тамыр системасы тирүү болсо кайрадан өсүп чыгат. Бул жагынан алып караганда, башка бак-дарактарды сактоо үчүн павловниянын энергиянын кайра калыбына келүүчү булагы катары мааниси чоң. Муну башка өлкөлөрдө түшүнүп, башка бак-дарактарды сактоо үчүн ийгиликтүү колдонуп келишет. Ар бир жаран өзү жашаган, эс алган жерге акылдуулук жана аярдык менен мамиле кылса, анда айланачөйрөдө да баардыгы ордунда болор эле. Балдарга кичинесинен тартып экологиялык таалим-тарбия берүү маанилүү. Келерки жылды «Экология жылы» деп жарыялоо да жакшы болор эле.

Кабаева Айсулуу.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий