Image

Ой-пикир

/kg/articles/material-2/
Ой-пикир

Эрте жазда талаада эмне кылуу керек?

Тажрыйбалуу дыйкандар аба ырайын эске алуу менен, айдап-себүү убактысын өткөрбөөнүн канчалык маанилүү экенин билишет. Улан Узакбаев, тажрыйбалуу агроном, жакшы түшүм алуу үчүн талаачылык ишинде эмне зарыл экенин айтып берет. Эсиңизде болсун: ар бир талаага жекече мамиле жасоо керек, анткени өсүмдүк - тирүү организм.


Негизги жумуштар

Топуракты даярдоону күзүндө ЛДГ-7 жана ЛДГ-10 техникасы менен жүргүзүү жакшы. Кыртыштын бетин жумшартуу (лущение) өсүмдүк калдыктарынан арылтууга жана топуракты жумшартуу үчүн керек. Андан кийин тоңдурма сугатты баштоого болот. Мындан эки жолу утат: биринчиден топурак нымдалат, экинчиден өтөө чөптөрдүн чыгышына өбөлгө түзүлөт. Андан соң, жер айдоо жүргүзүлөт: дан эгиндери жана жүгөрү үчүн 25-27 см тереңдикте, техникалык жана жашылча өсүмдүктөр үчүн 27-35 см тереңдикте айдалат. Мындан кийин жерди эрте жазга чейин калтырышат.

Жазында, кар кетээри менен кыртыштын нымдуулугун сактап калуу үчүн мүмкүн болушунча эртелеп жерди малалоо керек. Буга кошумча оор топурактуу аймактарда дискалоо же чизелькультивация өткөрсө ашык болбойт. Уруктун бирдей жатышы үчүн жерди тегиздейт же планировкалайт. Эгерде топурак катуу болуп калса, тынчсызданбай эле кайрадан малалоо керек.

Үрөндү даярдоо

Жакшы түшүм алуу үчүн өсүмдүктүн түрүнө карабастан райондоштурулган, сертификациядан өткөн үрөндү себүү керек. Биздин климаттык шарттарга ылайыкташпаган, импорттолуп келген урук алууга ашыкпаңыз. Бул үчүн өлкөдө атайын үрөн чарбалар уюшулган. Эгерде сиз сапаттуу үрөн сатып ала албасаңыз, анда өзүңүздүн үрөнгө эгиндин өнүмүн жечү зыянкечтер же илдеттер жукпаганын текшериңиз. Ошондой эле аймактагы мамлекеттик үрөн инспекциясынын лаборатория
сында үрөндүн өнүүсүн текшертип, себүүнүн нормасын аныктап алсаңыз болот. Андан кийин кылкандуу дан эгиндин үрөнүн ОВС же СМ-4 техникасы менен тазалайт. Дан эгиндеринин үрөн материалын себээрге 15–20 күн калганда РАКСИЛ (1 тонна эгинге 0,4 литр), ВИТОВАКС 200 (1 тонна эгинге 1,5–2 литр) жана башка химикаттары менен дарылайт. Техникалык жана жашылча өсүмдүктөрдүн уруктарын өндүрүүчү-фирма дарылайт.

Себүү

Эрте жазда Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрү (арпа, сулу, буудай, тритикале), люцерна, эспарсет себилет. Жүгөрү жана башка техникалык өсүмдүктөр апрелдин ортосунан тарта, топурактын температурасы +14 +18 градуска жылыганда себилет.

Март айында көп жылдык чөптү дискалоого жана малалоого болот. Бакчадагы бак-дарактарды жана бадалдарды да бутап бүтүүгө жетишиңиз. Мартта органикалык жана минералдык жер семирткичтерди бериңиз: фосфор жер семирткичтерин бир даракка 5-10 кг катышында, ал эми калий жер семирткичин бир даракка 50-200грамм катышында бериңиз.

Күздүк эгиндин кыштан чыгуусун текшериңиз. Керек болсо кошумча үрөн сээп, гектарына 150–250 кг катышта аммиакселитра-карбамид минералдык жер семирткичин берсе болот. Ошондой эле отоону жок кылуу жана нымды кармап туруу тайыз малалап коюңуз.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий