Image

Адамдар

/kg/articles/material-3/
Адамдар

Кызылча өстүрүүнүн негизги сырлары

Манас Саматов - инженер-механик, техника илимдеринин


ЖАШ КЫЗЫЛЧАЧЫЛАР ҮЧҮН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР, АГРОТЕХНИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР, ТАЛАА ИШТЕРИН МЕХАНИЗАЦИЯЛАШТЫРУУ – МАШИНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР ЖАНА КЫЗЫЛЧА ӨСТҮРҮҮНҮН РАЦИОНАЛДУУ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

АГРОТЕХНИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕР ЖАНА ТАЛАА ИШТЕРИ


НЕГИЗГИ ТАЛАА ИШТЕРИН БИР ЧЕТИНЕН ЭСТЕП ЖАНА ТАЛДАЙ ЖҮРҮП БАРАЛЫ.

1.

Биринчи – жер айдоо. Жер айдасаң - күз айда, күз айдабасаң - жүз айда. Ата-бабаларыбыздан калган дыйканчылыктын негизги формуласы бүгүн деле күчүндө. Айдоо агрегатын кандай тандаш керек экендиги жөнүндөгү илимий формуланы айта кетели. Соконун ар бир тишине трактордун 25 ат күчү талап кылынат, анан буга кошумча трактордо 15...20 % ат күчү болушу шарт. Ошондо гана трактор күчүркөнбөй иштейт. Бир эки мисал. Сизде 115...125 ат күчү бар тракторуңуз болсо 4 корпустуу соко чиркеп иштеткениңиз туура болот – 4 х 25 = 100 ат күчү талап кылынат жана 15...20 ат күчү кошумча болгону дурус. Ал эми 140...160 ат күчүнө ээ болгон тракторуңуз болсо 5 тиштүү соко чиркеп иштетесиз – 5 х 25 = 125 ат күчү талап кылынат жана 15...35 ат күчү кошумча. Мындай агрегаттар күчүркөнбөй жогорку ылдамдык менен жана оодарма соколор менен иштегенге жөндөмдүү.

2.

Экинчиси – эрте жазда, жер тапка келген учурда кечиктирбей, нымды сактоо үчүн талааңызды малалап койгонуңуз дурус. Адатта түз мала, шык мала жана башка машиналар пайдаланылат.

3.

Үчүнчүсү – компактор менен жүрүп жерди дансепкичтин алдынан даярдап кетүү. Мындай сыноодон өткөн ыкманы кызылчачылар бүт дүйнөдө көптөн бери пайдаланышат. Биз эми бирин-серин колдонуп баштадык.

4.
Төртүнчүсү – үрөн себүү. Бизде 45 см катар аралыгы менен сепкенде уруктардын арасын 15...18 см боло турган кылып дан сепкичти саздашат. Ошондо бир гектар жерге 1,48...1,24 себүү бирдиги өлчөмүндөгү урук сарпталат. Бир “үрөн бирдигинде” – 100 миң даана драждалган урук бар. Ал эми 60 см катар аралыгы менен кызылча сепкенде уруктардын арасын 14...18 см боло турган кылып дан сепкичти саздашат. Мындай учурда бир гектар жерге 1,1...1,0 үрөн бирдиги өлчөмүнө жакын урук кетет.

Былтыркы сезондо биринчи жолу дансепкичтин ар бир бөлүмүнүн кынтыкыз иштеп жаткандыгын трактордун ичинен туруп көзөмөлдөө үчүн атайын жөнөкөй компьютери бар машиналар колдонула баштады. Заманбап электрондук эсептегичи бар сепкичтерди колдонуу менен уруктардын интервалын так болушун камсыздап, этияттанып отуруп себүү нормасын ашырып жүргөн адатыбыздан арылсак болот. Муну менен биз кызылчанын көчөттөрүн суйултуу иштерин толук бойдон жокко чыгарабыз.

Кызылча себүүнүн оптималдуу сезону Чүй өрөөнүндө 20 марттан 20 апрелге чейин болорун көп жылдык тажрыйба көрсөтүп келе жатат.

Өзгөчө кошумчалай кете турган дагы бир жагдай бар – кызылчаны сепкенде анкерлүү дансепкичти пайдалануу керек. Мындай дансепкичтин себүүчү аппараты жерге жакын - 10...15 см, жайгашкандыктан уруктардын учкандагы траекториясы бирдей болуп дал ошол саздалган аралыкка, өз ордуна түшөт. Анан анкер уруктун түшө түрган изин таптап, бирдей тереңдиктеги арыкча жасап кетет. Артынан келе жаткан таптачу дөнгөлөк болсо аны жерге жабыштыра ныктап жүрүп отурат.
Натыйжада урук тез өнө турган болуп жайгашат. Сепкичтен алдың компакторду кодонуунун да маани-маңызы ошондо – жердин бетинен 5 см ылдый тапталган тегиздик жасалат. Кызылчанын үрөнү үчүн мындай шарт жагымдуу болуп эсептелет.

5.

Бешинчиси - биринчи культивация. Акыркы эки жылдан бери бизде биринчи культивацияны фреза-культиваторду колдонуу менен жасаган дыйкандар көбөйдү.

Эгерде сизде жамгырлатып сугармай мүмкүнчүлүгүңуз болсо, анда мындай культиваторду акырына чейин колдонсоңуз болот. Жок анан колдо жөөктөп сугара турган болсоңуз, анда чизель-култиваторду пайдаланып арык ачып кетишиңиз шарт. Биринчи культивцияны көчөттөр бир топ эле көтөрүлүп, көзгө көрүнүп калганда баштаган максатка ылайык.

6.

Алтынчысы – экинчи культивация. Мында да фреза-культиваторду пайдаланган жакшы. Анткени жөөк тартууга шашпаш керек. Кызылча ным издеп ылдый көздөй тамырын тереңдетип аракет кылганы жакшы. Өсүмдүктү бир аз чаңкатып туруп анан сугарууну баштаган оң. Антпесе биринчи, эрте берилген суу менен кызылчанын жалбырактарын өсүп кетишине өзүбүз себепкер болуп калабыз. Жердин күчүн жалбырактын өсүшүнө эмес, кызылчанын өзүнүн боюн өстүрүп ылдый көздөй умтулушуна багыттаганыбыз дурус. Бул жерде жалбырагы өтө бийик өсүп кеткен плантациялардын түшүмүн жыйноодо бир топ кыйынчылыктар пайда болушун эске тутуш керек.

7.

Жетинчиси – үчүнчү культивация. Азыркы учурда дээрлик көпчүлүк дыйкандар колдо, жөөктөп сугарышын эске алсак, бул операцияны чизелькультиватор менен жасаш зарылчылыгы туулат.

Эгерде талааңызды отоо чөптөн таза болсо, анда үч культивация менен чектелсе болот. Кийинки культивациялар сугат арыкчаларын жаңылап туруш үчүн гана керек болот.

8.

Сегизинчиси – химиялык заттарды колдонуу. Бул ортодо отоо чөптөр менен күрөшүү үчүн химиялык ыкмалар да колонулуп келе жатат. Бирок дайыма бир, өтө орчундуу, маселени көңүлдөн чыгарбашыбыз керек. Отоо чөптөр менен күрөшүүдө мүмкүн болушунча химияны аз пайдаланууга, анын ордуна культиваторлордун заманбап моделдерин пайдаланууга басым жасаганыбыз, жер кыртышынын сакталышына, экологиялык тазалыкты сактоого умтула иш тутууга өтсөк, айлана-чөйрөбүз таза жана өстүргөн түшүмүбүздүн сапаты жогору баалана турган болот.

Учурда отоо чөптөргө каршы колдонулуучу дары-дармектердин түрлөрү абдан көп. Адатта ар бир дыйкан ошол заттарды сатуу менен алектенген фирмалардын профессионал адистери менен кеңешип иштегени жакшы. Ошондуктан бул жерде кыска сөз менен эле чектелели. Бир гана кошумчалай кете турган нерсе – дары чачкыч машинаңыздын сапатына өзгөчө көңүл буруңуз. Машынаңыз кеңири диапозондо, ар түрдүү концентрациядагы дары-дармектерди чача биле тургандай техникалык мүнөздөмөлөрү болушу зарыл. Дал ошол сиздин талааңыздагы отоо чөптүн түрүнө керектүү дарыны тумандатып өсүмдүктүн айланасына толук жеткире чача тургандай жөндөмү болбосо талаага жөн эле натыйжасыз акча чачкан болуп калаcыз. Тилекке каршы мындай көрүнүштөр өтө көп кездешип келе жатат. Дары чачкыч экен десе эле арзандыгына кызыгып сапатсыз машиналарды сатып алууга акча коротпоңуздар.

Кызылча талааларын сугаруу ыкмалары

Сугаруунун негизги үч ыкмасы бар – кол менен ырастап жөөктөп сугармай, тамчылатып сугармай жана жамгырлатып сугармай.

Биздеги талаа тилкелеринин бою ар түрдүү – 100...900 метрди түзөт. Адатта талаанын өйдө башына чоң арык тартып туруп анан ошол арыктан жөөктөргө бөлүп суу коюп келебиз. Мындайда сууну узун талаанын акырына жеткириш бир топ кыйын. Чоң арыкты талаанын капталын бойлото тар
тып туруп ар бир 100..120 метрден кийин ок арык тартып ошол арыктар аркылуу бөлүштүрө келгенде талааны бүтүндөй, бир мезгилде, текши сугарыш мүмкүн. Суунун агымы жетерлик болбосо 2...3 ок арыкка берип андан кийин кийинки тилкелерге өтүш мүмкүн. Капталдан сугармайдын дагы бир артыкчылыгы – ок арыктар көп терең болбойт, ошондуктан культивация жасаганда машакат туудурбайт. Анан талаанын этегинде пайнап сууну көлдөтпөй качырып кете турган арыкка өзгөчө көңүл буруш керек. Плантациялардын этек жагында суу көлдөп кызылчаны чириткен көрүнүштөрдү көп учураттык. Кызылча көлдөгөн сууну жактырбайт.

Тамчылатып сугармай ыкмасы азырынча кенен колдонуу тапкан жок.

Жамгырлатып сугармай айрым чарбаларда гана бар.

Мындай ыкманын чыгымы бир топ өйдө, бирок суу таңкыс болгон жылдары алдын ала жыйналган сугат-көлдөн суу алып абалдан татыктуу чыгып кетиш мүмкүнчүлүгүн ачат. Анан жер абдан түз айдалып даярдалышы керек – антпесе суу көлдөгөн жерлер көп болуп кетет. Жамгырлатып сугармай системасынын жаңы үлгүлөрү жаңыдан колдонулуп баштады. Бул ыкманын келечеги кең.

Жылдын климаттык өзгөчөлөктөрүнө жараша 5...6 жолу сугарылат.

Кызылчаны казып-жыйноого 15...20 күн калганда сугарууну тык токтотконуңуз дурус. Антпесе өзүңүзгө көптөгөн түйшүктөрдү арттырып аласыз, айрыкча жамгырчыл күз келсе казып-жыйноо иштери кескин татаалдашып кетет!


Кол күчүн пайдаланууга карата өзгөчө көз караш Кол күчүн кызылчаны казыпжыйноодон чечкиндүү түрдө арыла баштаганыбыз дурус. Муну көптөгөн орчундуу себептери бар. Октябрь–ноябрь айларында суук түшүп талаада иштештин өзү машакаттуу болуп калат. Кол эмгегинин өндүрүмдүүлүгү өтө төмөн болгондуктан казыпжыйноо сезону созулуп кетип дыйкандарга чоң түйшүк жаратат жана кымбатка турат. Өткөн 2016жылы бир гектарды кол менен жыйнаганда кызылчачылардын чыгымы 30 000 сомго чамалап жетти. Илгерки жылы 4500 гектар кызылча себилген болсо, былтыр 1200 гектарга жетти. Ошондуктан көпчүлүк чарбалар жумушчу издеп таппай кыйналышты. Үстүбүздөгү жылы, буйурса, 1600 гектар жерге кызылча айдоо пландаштырылып жатат – демек жумушчулардын жетишпестиги анык.

Ошол эле учурда азырынча кол күчүнөн толук бойдон арылса болот деп так кесе айтсак да жаңылыштык болот. Кол менен аткара турган жумуш башка – бул отоо. Отоо чөптөргө каршы химиялык заттарды пайдалануу көңүлдөгүдөй натыйжа бербей келе жатат. Күзгө, казып-жыйноого келгенде эле талааларда орсойуп өсүп жетилип, жыгачтай болуп катып, чийелешип калган куурайлар, камыш жана башка отоо чөптөр казып-жыйноочу комбайндарга чоң машакат жаратып келүүдө.

Былтыркы байкоолорубузга таянып бир ойго келдим, айта кетейин. Кол менен отоону бир эле жолу жасаш керек. Экинчи культивациядан кийин, бирок биринчи сугатка чейин. Биринчи культивациядан кийин отоо чөптөр майда болгондуктан отоочулар аларды чала-була чаап, топурак менен көмүп отуруп, кызылчанын көчөтүнүн тамагындагы чөптөрдү калтырып кетишет экен. Экинчи культивациядан кийин отоо чөптөр чоңоюп колго кирип калат. Биринчи сугатка чейин кызылчанын тамагындагы жерлер толук жумшак бойдон калат, адатта. Албетте бул жалпы эле логикадан келип чыккан көз караш – сунуш. Бирок ар бир дыйкан конкреттүү шарттарда өсүмдүктүн абалына жараша өз алдынча чечим кабыл алганы туура.

Кызылчанын түшүмүн казыпжыйноо

Эң машакаттуу иш – бул кызылчаны казып жыйноо. Сары Өзөн Чүйдө жалпы кол менен казыпжыйноонун үлүшү азырынча өтө жогору. Мунун кемчилдиктери көп – жумушчу күчтөрдүн аздыгы жана салыштырмалуу кымбаттыгы, ишти уюштуруу жагынын татаалдыгы, анан эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өтө төмөн экендиги көпчүлүк дыйкандардын машиналардын жардамы менен казып-жыйноого өтүүгө мажбурлап жатат.

Казгычтын артынан жыйнапжүктөгүч машина жүрөт. Машинанын бункеринин сыйымдуулугу 11 тонна.

Бункери толгондо машина өзү ташуучу транспортко жүктөп берет. Же талаанын чет жагына үймөк кылып төгүп туруп ишин уланта берет.

Урматтуу жаш дыйкандар! Сиздер үчүн бул биз жазган алгачкы колдонмо-китепче пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Сиздер тараптан келтирилген маалыматтарга толуктоолор, кошумча ой-пикирлер, сын көз караштар же башка бир каалоолор болсо ыраазычылык менен кабыл алабыз.


Манас Саматов

ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий