Image

Аналитика

/kg/articles/material-4/
Аналитика

Кыргызстанда сугат суу жана сугат системасы

Кыргыз Республикасы аймагынын үчтөн бири тоолордон турган чакан мамлекет. Тоолордо убактылуу жана туруктуу мөӊгүлөр жайгашып, дарылардын жана таза суунун булагы.

Кыргыз Республикасынын калкынын 65%ы айыл жеринде жашайт жана айыл чарбага тартылган. Кыргызстанда болжол менен 1 млн гектар сугат жер пайдаланылып, анын 90%ында эң оңой жана көнүмүш болгон жөөктөп сугаруу ыкмасы колдонулат.


СССР кулагандан кийин сугат системалары жана тармактары начарлап кеткен. Колхоздор менен совхоздордун менчикке өтүшү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн борборлоштурулган планы жана сугат системасы жоктугунан улам, айдоо жерлери азайып, сууну сарамжалсыз пайдаланууга байланышкан көйгөйлөр келип чыккан.

Мурда колхоздор менен совхоздор колдонуп жана карап келген ички чарбалык сугат тармактарын башкарууну камсыздоо үчүн Өкмөт суу ресурстарын башкарууну борбордон алыстатуу же децентрализациялоо боюнча реформа жүргүздү. Реформанын негизинде жаңы органдар – Суу пайдалануучулардын ассоциациялары (СПА) түзүлүп, аларга ички чарбалык сугат тармактары өткөрүлүп берилди. Учурда Кыргызстанда 500дөн ашуун СПА бар.

Жогоруда айтылгандай, сугат жерлеринин 90%ы оңой жана көнүмүш болгон жөөктөп сугаруу ыкмасы менен сугарылат. Бирок, көп фермерлер жөөктөп сугарууда сугат технологиясын туура эмес колдонгондуктан, жердин түшүмдүүлүгү начарлоодо деп белгилешет Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун эксперттери.

«Жер бети менен агып келгендиктен, сугарылып жаткан талаага суу өтө көп келет. Агып келаткан суунун алдына чуркай чыгып, сугатчы кетмен менен сууну бөлүштүрөт. Ошондуктан талааны суу каптап кетет», – дейт ирригация институтунун директорунун орун басары Аманжол Атаканов.

Ашыкча сугат суу жер семирткичти жууп кетип, жердин түшүмдүүлүгүнө туура таасир бербейт. «Мындайга жол бербеш үчүн бардык сугат жөөктөрүнүн (арыкчаларынын) баштары бекитилиши зарыл, убактылуу сугат тосмолору коюулушу керек. Талааларда сугат тосмолору жок, дыйкан -дар талаага көбүрөөк суу алу -уга тырышышат, а бул болсо тескери натыйжа берет. Ар бир кыртыштын өзүнчө суу кармоо коэфициенти бар болгондуктан, сугат режимин сактоо зарыл», – дейт окумуштуу.

СУГАТ СИСТЕМАС

Жөөктөп (бороздор менен) сугаруу. Эң кеңири жайылган сугат ыкмасы. Суу атайын казылган жөөктөр менен берилип, топуракка сиңет.

Тамчылатып сугаруу. Мындай сугат ыкмасында саатына 2–4 литр суу керектелет. Көбүнчө суу тартыш аймактарда же тоонун беттеринде, түз эмес жерлерде колдонулат.

Кыртыш астынан сугаруу. Топурактын тамыр тараган кыртышында орнотулган майда тешиктүү, керамика же пластмасса түтүктөр аркылуу суу тарап, сугарылат. Ал эми топурактын жер бетиндеги бөлүгү (горизонту) нымдуулуктун жогору кеткен капиллярдык кыймылы аркылуу нымдалат.

Жамгырлатып сугаруу. Бул ыкма негизинен жеңил начар азыктуу топурактуу жерлерде, ошондой эле дөңсөөлүү аймактарда колдонулат.

Кыргызстанда 33 суу сактагыч, 5787 км ашуун каналдар бар. 2015-жылы 795 суу чарба курулушу, 760 суу өлчөө бекети, 91 насостук станция жана 396,5 км ири канал оңдолгон. 2015-жыл ичинде суу объекттеринен 6.96 миллиард м³ суу алынган.2016-жылдын 1-январына карата 746 миң га же болбосо 73% сугарт жерлер СПА карамагында.

Сугат системасы СПА тарабынан жөнгө салынат. Бирок, бул СПАлардын ишинин натыйжалуулугу коомдук-экономикалык жана техникалык шарттарга жараша ар кандай болууда.

Жөөктөп сугаруу ыкмасы боюнча суунун 1 кубунун наркы 3 тыйын деп баалануда. Сугат учурунда фермерлер эч кандай ыкма же жабдыктарды колдонбой эле, суунун көлөмүн «көз болжол» менен аныкташат. Бул болсо, эксперттердин пикири боюнча, суу үчүн карыздын өсүшүнүн бирден бир себеби; анткени суу берүүчү дагы, суу керектөөчү дагы сууну керектөө боюнча маалымат менен макул эмес.

Ирригация институту фермерлерге сугат суунун көлөмүн так аныктоо үчүн суу эсептөө системаларды орнотууну сунуштоодо. «Дыйкандар, албетте, кийинчерээк буга келишет. Керектелген сууну эсептөө анын баасын аныктоо үчүн гана эмес, ошондой эле түшүмдүүлүк үчүн дагы зарыл», –дейт А.Атаканов.

Кыргызстанда 33 суу сактагыч, 5787 км ашуун каналдар бар.

2015-жылы 795 суу чарба курулушу, 760 суу өлчөө бекети, 91 насостук станция жана 396,5 км ири канал оңдолгон.


2015-жыл ичинде суу объекттеринен 6.96 миллиард м³ суу алынган.

2016-жылдын 1-январына карата 746 миң га же болбосо 73% сугарт жерлер СПА карамагында.

Кол коюлган келишимдерге ылайык, 338 СПА тарабынан 464,2 миң гектар сугат аянтына, 55 айыл чарба кооперативдеринин жана бириккен дыйкан чарбалардын 38,5 миң гектар сугат жерине, жана 1287 башка чарбалык объекттердин 131 миң гектар сугат аянтына суу берилген.


Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражатка СПАнын объекттерин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Мирлан Киизбаев

ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий