Image

Окуялар

/kg/articles/material-5/
Окуялар

Жаныбарларды идентификациялоо. Бул эмне?

ДҮЙНӨДӨ КАНЧА ЖАНЫБАР БАР ЭКЕНИН БИЛЕСИЗБИ? ЖОК? ЭЧ КИМ БИЛБЕЙБИ? АНТКЕНИ, АДАМДАРДАН АЙЫРМАЛАНЫП, ЖАНЫБАРЛАРДЫ ТУУЛГАНДА КАТТАШПАЙТ ЭМЕСПИ. ОШОНДУКТАН ЖАНЫБАРЛАРДЫН ТАК САНЫН БЕЛГИСИЗ.

ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНЫН САНЫН ЭСЕПТӨӨ МҮМКҮНБҮ? АЛАРДЫН АРАСЫНАН ИЛДЕТКЕ ЧАЛДЫККАНДАРЫН КАНТИП АНЫКТОО КЕРЕК? АЛ ЭМИ УУРДАЛГАНЫНЧЫ? ДҮЙНӨДӨ БУЛ МАСЕЛЕ ТУУРАЛУУ ЭЧАКТАН БЕРИ ЭЛЕ ОЙЛОНУП КЕЛИШКЕН. МАЙДА МАЛДЫ ЖАНА БОДО МАЛДЫ ТУУРА КАТТООНУН ЖОЛДОРУН ИЗДЕП КЕЛИШКЕН. НАТЫЙЖАДА, ЖАНЫБАРЛАРДЫ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО ИДЕЯСЫ КЕЛИП ЧЫККАН.

Жаныбарларды электрондук эсепке алуу технологиясы 1989-жылы Голландия өкмөтүнүн буйругу менен иштелип чыккан. Ошондон бери бул система бардык өнүккөн өлкөлөрдө киргизилген. Татаал аталышына карабастан, бул иш жүзүндө жөнөкөй: ар бир жаныбар туулганда идентификациялык номур берилет. Бул номурду кулакка таккан биркага, же денеге кийин жайгаштырылуучу чипке жазышат.

Белгилей кетчү нерсе, айыл чарба жаныбарларын биркалоо малды эсепке алуу менен бирге эле, дарттын алдын алууда да мааниге ээ. Азыр жаныбарлардын саламаттыгын, илдеттеринин тарыхын, ал тургай жайгашуусун аныктоо да мүмкүн болуп калды. Мындай чаралар негиздүү экенин тажрыйба көрсөтүп келет. Натыйжада, жаныбарларды идентификациялоо киргизилген өлкөлөрдө мал уурдоо фактылары азайган, азыктүлүк коопсуздугуна жана өзгөчө коркунучтуу илдеттердин жайылуу деңгээлине таасир этүүчү эпизоотиялык абал жакшырган.

Мындан тышкары, эксперттер белгилегендей, сүт жана эт азыктарынын сапатына калктын нааразылыгы бир нече эсе азайган. Ошондой эле уулануу учурларынын саны да кыскарды. Ал эми базарга кандай сүт же эт келип түшкөнүнө, алардын тазалыгына, мал оорусуна каршы убагында эмделүүсүнө байкоо жүргүзүүгө бийликте мүмкүнчүлүк жаралды. Жалпысынан алганда, бүт окуяны билүү – идентификациялоо системасынын маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп саналат.

ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК КАМПАНИЯНЫН БАШТАЛЫШЫ


ЖАНЫБАРЛАРДЫ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛООДО 2016-ЖЫЛДЫН 18-НОЯБРЫ ЭҢ МААНИЛҮҮ КҮН БОЛУП КАЛДЫ. БУЛ КҮНҮ ЭКИ НЕГИЗГИ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ: ЖАНЫБАРЛАРДЫ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО ЖААТЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ АДИСТЕРДИ ОКУТУУ БАШТАЛДЫ ЖАНА ЖАНЫБАРЛАРДЫ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ СИСТЕМАСЫН (ЖИКС) ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ПИЛОТТУК ФАЗА ИШКЕ КИРДИ.

Бул иш-чара Кант шаарында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министирлигинин, ж.б. мамлекеттик уюмдардын, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Россия Федерациясынын элчилигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) өкүлдөрү, мал чарбачылында иштеген ишкерлер жана адистер, айыл өкмөтү жана райондук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиев белгилегендей: «Биз өндүрүлгөн продукциянын сапатына жана коопсуздугуна тиешелүү контролду камсыз кылуу менен, биздин малчыларыбызга малдын азыктуулугун жогорулатууга, ички жана тышкы рынокторго чыгууга жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек».


«Кыргызстандагы бир катар маанилүү программалар боюнча биздин ийгиликтүү кызматташтыкка таянуу менен, ПРООН бул долбоорду мүмкүн болушунча натыйжалуу ишке ашырат деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Бул долбоордун натыйжалары сиздердин өлкөдө мал чарбачылыгынын натыйжалуулугун жогорулатууга, кошумча инвестиция тартууга өбөлгө түзөт жана Орусияда жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстандын мал чарба продукциясынын экологиялык жактан тазалыгын жана атаандаштык артыкчылыктарын толук пайдаланууга көмөктөшөт», - деп белгилейт Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси А.М.Мзареулов.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга заманбап маалымат-байланыш технологияларын колдонууга негизделген жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын (ЖИКСтин) мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Бул системаны ишке киргизүү жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын мал секторун өнүктүрүү боюнча негиздүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт, ошондой эле Кыргызстандын экологиялык жактан таза жана жогорку сапаттагы продукциясын эл аралык рынокторго эркин экспорттоону камсыздайт.

«Долбоордон негизги пайданы Кыргызстандын мал чарба секторунун өкүлдөрү алат. «Долбо
орду ишке ашырууда алдын-ала даярдыктан өткөн улуттук эксперттер кеңири тартылат. Бул болсо, ЕАЭБдин мйзамдарына жана ченемдерине ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана ишкердик уюмдардын дараметин жогорулатууга олуттуу салым болуп саналат. Биздин баардык деңгээлдеги улуттук өнөктөштөрдүн, анын ичинде: малчылардын, ветеринарлардын, фермерлердин жана ишкерлердин туруктуу иштеши – бул системанын ийгилигинин жана туруктуулугунун маанилуу бир фактору. Биз аларга алдыдагы иштерине ийгиликтерди жана тырышчаактыкты каалайбыз», - дейт Кыргыз Республикасындагы БУУ Өнүктүрүү Программасынын Туруктуу Өкүлү, БУУ системасынын Туруктуу Координатору А.Н.Аванесов.


“ЕАЭБге катышуунун алкагында мүйүздүү бодо малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу” долбоору Россия Федерациясынын каржылык жана техникалык колдоосу астында мүмкүн болду. Бул долбоор Россия Федерациясынын – Кыргыз Республикасынын - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын туруктуу өнүгүү жаатындагы үч тараптык байланышынын өнүгүшүн жана кеңейишин дагы бир жолу ырастоодо.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий