Image

Аналитика

/kg/articles/material-6/
Аналитика

Кырыз фермерлери ЕАЭБдин артыкчылыктарын колдонушу зарыл

2015-ЖЫЛЫ АВГУСТТА КЫРГЫЗСТАН ЕВРАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК БИРИМДИКТИН (ЕАЭБ) ТОЛУК УКУКТУУ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП КАЛДЫ. ЕАЭБГЕ КАТЫШУУ УЧУРУНДА КЫРГЫЗСТАН ӨНӨР-ЖАЙ ӨНДҮРҮШҮНҮН ЖАНА АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯСЫНЫН КӨЛӨМҮН КӨБӨЙТТҮ, КЫРГЫЗСТАНДЫК ТОВАРЛАРДЫ БАШКА МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН РЫНОКТОРУНА ЖЕТКИРҮҮ ОҢОЙЛОДУ. КЫРГЫЗСТАНДЫК МИГРАНТТАРГА МҮЧӨӨЛКӨЛӨРДӨ ЖАШОО ЖАНА ИШТӨӨ ЖЕҢИЛДЕДИ.


«Республиканын ЕАЭБге катышуусунун биринчи жылы жалпысынан оң жыйынтык берди. Мындан аркы бардык чаралар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө жана жарандардын жыргалчылыгын жакшыртууга түрткү бермекчи. Биримдик Кыргызстанды евразиялык рыноктун бөлүгү катары инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат. ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөлөрдүн компаниялары биздин өлкөгө инвестиция кылууга кошумча стимул пайда болду» – деп Кыргыз Республикасынын ЕАЭБде катышуусунун биринчи жылынын жыйынтыгы боюнча ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян белгилеп кетти.


Кыргызстандын интеграциялык биримдикке катышуусунун биринчи жылы чоң иштер жасалды. ЕЭК отчетунда белгилегендей, бажы чек араларын ачуу кыргызстандык компанияларга биримдиктин башка өлкөлөрүнүн рынокторуна товарын жеткирүү мөөнөтүн орчундуу кыскартты. Мунун себебинен өндүрүүчүлөр продукциясынын экспортун көбөйтүүгө жетишишти. Мында ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүндө катталган эл аралык жүк ташуучу транспорт каражаттарын бажылык декларациялоонун мыйзам чегинде бекитилген жана ишке киргизилген тартибин жөнөкөйлөтүү дагы чоң ролду ойноду.

ЕАЭБ ошондой эле Кыргызстандын агро-өнөр жай комплексин жана соода сатык тармагын өнүктүрүүгө да жагымдуу шарттарды түзүүдө. 2016-жылдын январь-июнь айларында 2015-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу Кыргыз Республикасында айыл чарба өндүрүшү 2,9 % га өскөн. ЕЭК 2016-2017-жж. ичинде ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 8% га өсүшүн, өз ара соода - 15%, ал эми экспорт - 19% га көбөйүшүн божомолдойт. Негизги азыктүлүк товарлары менен өзүнөзү камсыздоо деңгээлинин орточо көрсөткүчү 2017жылы 94% га чейин өсөөрү белгиленүүдө.

Жогоруда айтылгандар ЕАЭБдин алкагында келечекте Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшү өнүгүп, айыл чарба өндүрүүчүлөргө шарттар жакшырат деген үмүт тартуулайт. Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө жана ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачаары тууралуу Эл аралык ишкерлер кеӊешинин (ЭИК) аткаруучу директорунун орун басары Данияр Медеров айтып берди.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий