Image

Окуялар

Окуялар

ДҮЙНӨЛҮК ЖАҢЫЛЫКТАР

ИТАЛИЯЛЫК ФЕРМЕРЛЕРДИН МИТИНГИ

Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө болгон жер титирөөдөн мүлкү жабыр тарткан Италиянын фермерлери Римде демонстрацияга чыгышты. Фермерлер мамлекеттен жардам талап кылышты, кээ бирлери Италиянын борбор шаарына малын кошо айдап келишти. Жер титирөөдөн көптөгөн чарбалар кыйроого учураган. Ал эми бузулбай, сакталып калган мал короолор каалаган учурда малды басып калышы мүмкүн деп фермерлер кооптонушууда. Ошондуктан мал кыш мезгилинде дагы эшикте калууда. Натыйжада, Италияда расмий маалыматтарга ылайык, сүт өндүрүү 30% га төмөндөгөн.

http://ru.euronews.com/2017/03/07/ italian-farmers-use-sheep-to-protest

PLANTIX МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ ФЕРМЕРЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Уникалдуу мобилдик тиркеме фермерлерге өсүмдүктөрдүн мителерин жана илдеттерин айырмалай билүүгө жардам берет. Тиркемени ганноверлик стартапчылар иштеп чыгышкан. Тиркемени иштеп чыккандардын жетекчиси Симон Страйанын айтымында, фермерлер маселе жаралган кезде бул тиркемени пайдалана алышат: бул үчүн Plantix мобилдик тиркемени ачып, ага илдетүү өсүмдүктүн сүрөтүн тартуу гана керек. Бир нече секунданын ичинде диагноз коюлат. Бул тиркеме Германияда, Австрияда жана Швейцарияда иштейт, учурда Бразилияда жана Индияда текшерүүдөн өтүп жаткан кез. Программа иштегени эки жыл болду, бул убакыттын ичинде жүз миң сүрөт аркылуу илдеттерди аныктоого жана дарылоого жардам берилди. Тиркеме азыр 60ка чукул кеңири таралган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерин тааный алат. Ганновер университетинин адистери бул тиркемени колдонуу экологиялык жана айыл чарба өндүрүшү жагынан алда канча натыйжалуу экенин тастыкташты.

http://ru.euronews.com/2017/01/04/ the-plant-doctor-app-helping-to-identify-plant-disease

АМЕРИКАЛЫК ОКУМУШТУУЛАР МҮЙҮЗДҮҮ БОДО МАЛДЫН ПАРАТУБЕРКУЛЕЗ ООРУСУН БАШТАЛЫШ СТАДИЯСЫНДА АНЫКТООЧУ СЕЗГИЧ ТЕСТ ИШТЕП ЧЫГЫШТЫ. ИЗИЛДӨӨ SCIENTIFIC REPORTS ЖУРНАЛЫНДА ЖАРЫК КӨРДҮ

Паратуберкулез —бул алгач мезгилдүү, анан кийинчерээк туруктуу ич бузулуу менен мүнөздөлгөн, кыйналууга жана өлүмгө алып келүүчү өнөкөт жугуштуу оору. Инфекция мүйүздүү бодо малга, топозго, төөгө, кой-эчкиге, өзгөчө жаш малга жугат. Бул илдеттин козгоочусу Mycobacterium paratuberculosis бактериясы болуп саналат. Паратуберкулездин таралуусу эң коркунучтуу, анткени анын козгоочусу адамдын ичеги-карын оорусунун —Крон оорусунун себеби болушу мүмкүн.

Паратуберкулезду аныктоо өтө кыйынга турат, анткени жаныбарлар бул бактерияларга каршы антителолорду иштеп чыккан эмес. Ошондуктан, бул ооруну аныктоодо адаттагы малдын тезегин анализдөө ыкмасы, тилекке каршы, ишенимдүү диагнозду коюуга жардам бербейт. Бирок, окумуштуулар ишенимдүү натыйжа берүүчү башка ыкманы ачышты. Бул тест макрофаг деп аталган иммундук клеткалардын топтолуусун аныктоого негизделген. Макрофагдар —
булар организмдеги бактерияларды, чоочун жана уулуу заттарды, ошондой эле өлгөн клеткалардын калдыктарын кармашат жана эритишет.

http://agriculture.by/news/mirovye-novosti/uchenye-razrabotalichuvstvitelnyj-test-dlja-obnaruzhenijaparatuberkuleza-korov-na-rannej-stadii

БРАЗИЛИЯЛЫК ЭТ АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЧАТАК

Айрым бир жергиликтүү компаниялардын бузулган этти сатуусунун тегерегинде чыккан чатактан улам Бразилия этти экспортоосун жоготууда. Кытай, Түштүк Корея жана Чили сыяктуу өлкөлөр Бразилиянын этинен баш тартышты. Президенттин аракетине карабастан бул чуу басылчудай эмес. Европалык биримдик Бразилиядан келүүчү этти Еврокомиссия көзөмөлгө алаарын маалымдады. Тергөөнүн жүрүшүндө 30дан ашуун адам камакка алынды. Тергөө 2 жылга жакын созулуп, өлкөнүн тарыхында эң ири тергөө болуп калды. Тергөөчү комитет кылмышкерлер атайын текшербей туруп сертификат берген Айыл чарба министрлигинин көзөмөлдөөчү органынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жасалган иш экенин аныкташты. Бразилиялык бийлик өкүлдөрү экспортчулардын
жергиликтүү текчелерине бузулган эт кантип келип калганы тууралуу эч кандай маалымат жок экенин билдиришти.

http://ru.euronews.com/2017/03/20/exports-hit-as-brazil-meat-corruptionscandal-grows


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий