Image

Окуялар

/kg/articles/mobil-nye-prilozheniia-dlia-fermerov/
Окуялар

ФЕРМЕРЛЕР ҮЧҮН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕЛЕР

АЗЫРКЫ УЧУРДА КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТТЫ СМАРТФОНДОГУ ТИРКЕМЕЛЕР АРКЫЛУУ ИНТЕРНЕТТЕН ТАБА АЛУУГА БОЛОТ. БИРОК, БУГА АТАЙЫН ДЕЛЕ ЖӨНДӨМ ТАЛАП КЫЛЫНБАГАНЫ МЕНЕН, БИРИНЧИ ЖОЛУ ЭЛЕ КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТТЫ ТАБУУ БИР АЗ КЫЙЫНГА ТУРАТ. АТАЙЫН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕЛЕР – ТУУРА ЖАНА ТАК МААЛЫМАТТЫ ФЕРМЕРГЕ ЖЕТКИРҮҮНҮН ЗАМАНБАП АСПАБЫ.

«АгроИнформАзия» жашылча-жемиш ишканалардын ассоциациясынын мүчөлөрү керектүү маалыматты бир мобилдик тиркемеге чогултуу максатын өз алдына коюшкан. «АгроИнформАзия» 2007-жылдан тарта Кыргызстанда айыл чарбасын колдоо жана өнүктүрүү үчүн маалымат чогултуу жана систематизациялоо, ошондой эле мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу менен алектенет.

«АгроИнформАзия» Тажикстандык өнөктөштөрү «Нексигол Мушовир» жана «Нексигол Навовар» менен бирдикте жер-жемиш, мөмө, жүзүм, эгин өндүрүүчүлөргө, ошондой эле бодо мал багуучуларга 14 мобилдик тиркеме иштеп чыккан. Мобилдик тиркемелер жүктөп алууга бекер жана орус, кыргыз жана тажик тилдеринде жеткиликтүү. Өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча тиркемелерде өсүмдүктөрдүн негизги илдеттери жана зыянкечтери, алар менен күрөшүүнүн жолдору, тагыраак айтканда химиялык, биологиялык жана агротехникалык ыкмалары камтылган.

Колдонуучулар мобилдик тиркемелердин пайдалуулугун жогору баалашты – муну 26 000 ашуун жүктөө тастыктайт. Жыл сайын өтүүчү мобилдик тиркемелерди колдонуучуларды сурамжылоо мобилдик тиркемелердин орчундуу маалыматты учурунда алууга ыңгайлуу жана жеткиликтүү аспап экендиген анык көрсөттү. Маселен, Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын тургуну Ыканова Гульмира өз пикири менен бөлүштү: «Биз кара карагатты өстүрүү боюнча мобилдик тиркемеден зыянкечтер менен күрөшүү боюнча практикалык кеңештерди таптык; карагат сонун даамдуу чыкты, молтүшүм берди. 2016-жылы жайынды Ысык-Көлдө «Карагат+» фестивалында биринчи орунду ээледик. Тиркеме мындай пайдалуу болот деп ойлогон эмесмин».


Редакция тиркемени сынап көрүп, өзүңүздүн ой-пикириңизди, сунуштарыңызды тиркемени иштеп чыккандарга билдирүүңүздү сунуштайт.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий