Image

Аналитика

/kg/articles/nam-nuzhno-perekhodit-ot-kolichestva-k-kachestvu/
Аналитика

БИЗ САНДАН САПАТКА ӨТҮШҮБҮЗ КЕРЕК

КЫРГЫЗ АГРАРИЙЛЕРИНИН 2016-ЖЫЛЫ АТКАРГАН ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА КЕЛЕРКИ ЖЫЛГА КАРАТА АЙЫЛ ЧАРБА ИШКЕРЛЕРИНИН МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК – АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИ Н.МУРАШЕВ МЕНЕН БОЛГОН МАЕКТЕШҮҮ

Мамлекеттеги татаал экономикалык абал айыл чарбада болуп жаткан иштерге таасирин тийгизбей койбойт. Биз көп учурларда айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмдөрү өсүп жаткандыгы, көптөгөн күнөсканалардын ачылып жаткандыгы тууралуу угуп жатабыз, ал эле эмес айрым бир жерлерден Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди кайра иштетип жаткандыгы да айтылууда. Бүгүнкү күнгө айыл чарбада болуп жаткан реалдуу кырдаал кандай?

Бүгүнкү күндө Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жылдын башында коюлган планга ылайык расмий статистиканын жыйынтыгын чыгарды. Албетте, чечим кабыл ала турган белгилүү бир көйгөйлөр бар, бирок негизинен алганда, ­республикалык аграрийлер өсүмдүк өстүрүү тармагында, мал чарба тармагында да жакшы жыйынтыктарын көрсөткөндүгүн белгилеп кетүү керек. 2016-жылдын планы 2015-жылга салыштырмалуу 103% ишке ашырылды. Эң алгач, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн шарттарды жакшыртуунун жана айыл калкы менен жакшы коммуникация түзүп алуунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал үчүн мезгил – мезгили менен, жыйынтыгында татыктуу түшүм алуу үчүн, жер менен туура иштөө жөнүндө үйрөтүүчү семинарларды уюштуруудабыз. Азыркы учурда Баткен жана Ысык – Көл облустарынын өндүрүүчүлөрүнөн мөмө – жемиштерди, Чүй облусунан – буудай жана кызылчаны, Жалал–Абад облусунан пахта жана мөмө– жемишти экспорттоо боюнча демилгелерди алуудабыз.

Ал эми башка аймактар боюнча климаттык шарттарына жараша, кайсы жерде кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү жана өндүрүү пайдалуу экендигине багыт берип жатабыз. Эң актуалдуу маселелердин бири- жаныбарларды жасалмалуу уруктандыруу. Мисалы, Кыргызстанда бир үй – бүлөдөгү бир мал күнүнө 6-8 литр сүт берет, ошол эле учурда, башка мамлекеттерде жасалмалуу уруктандыруунун эсебинен бир уйдан күнүнө 50 – 70 литр сүт алуу мүмкүн. Саны өсүүдө, бирок, сапаты аксап турат. Күнөскана бизнеси тууралуу айта кетсек, чынында эле күнөскана бизнеси өнүгүү жолунда турат, бүгүнкү күндө мамлекетте болжол менен 1400 күнөскана курулган, анын 706 даанасы 2016-жылы гана курулган. Өсүү темпи жогору.

Нурбек Мурпазылжанович, үстүбүздөгү жылдын айдоо компаниясы республиканын айыл чарбасы үчүн олуттуу мааниге ээ. Коомчулукта быйылкы жылы айдоо иштери “абдан кымбат болот” деген ойлор тарап жатат, бул Кыргызстандын ЕАЭБ кирүүсүнө байланыштуубу? Бул кырдаалга түшүндүрмө берип өтсөңүз.

Айдоо компаниясын уюшкандыкта жүргүзүү – бүгүнкү жолугушуулардын күн тартибинде негизги милдет катары көрсөтүлүүдө.

Жер – жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу администрациясынын баш аламан жана пландалбаган иштери үчүн, өткөн декадада айдоо аянттар абдан кыскарып кеткен. Бул, мисалы, буудайга ылайыкталбаган жерге буудай эгишкен, жыйынтыгында – көптөгөн чыгымдары менен аныкталбаган натыйжага алып келген.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн, биз айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн айдоо аянтын жогорулатууга конкреттүү сунуштар жазылган долбоор даярдадык. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосунда, жакынкы аралыкта оң жооп алууга ниеттенип турабыз. Ошондой эле, сезондук талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде, продукциянын түшүмү алына электе жана сатыла электе, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү белгилүү бир финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгондугун түшүнөбүз. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү эң негизги милдет катары мамлекеттик колдоо көрсөтүү каражаттарын максималдуу ыкчам убакытта жеткирип берүү болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекет тарабынан кандай реалдуу колдоо көрсөтүлүп жатат? Көрсөтүлүп жаткан колдоо башка тармактардагыдай эле аз көлөмдөбү?

Мамлекеттеги татаал экономикалык абалды эске алсак, мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо абдан эле сезилет. Быйыл Өкмөт төмөн пайыздык төлөмү менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 7 миллиард сом акча каражатын бөлүп берди, анын 60 % мал чарбачылыгына, калганы өсүмдүк өстүрүүгө берилет. Ошондой эле, биз эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуудабыз. Жылдын башында координациялык кеңешти түздүк, кеңешке 10 эл аралык жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү кирди.

Өкмөт дайыма эле калкты өз өндүрүүсүндөгү тамак – аш менен камсыз кылуу боюнча милдеттерди коет. Аталган маселени чечүүдөгү реалдуу мүмкүнчүлүктөр кандай?

Бүгүнкү күндө өз калкыбызды биз болгону 50% гана тамак – аш продуктулары менен камсыз кыла алабыз, калганы импорттолуп келүүдө. Бирок, биз ар дайым алдыбыздагы планканы жогорулатуудабыз. Азыркы учурда Сокулук районунда “Кошой” заводу курулуп жатат, анын ачылышы менен ата мекендик өндүрүштүн көлөмдөрү жана жумушчу орундар көбөйөт. Келечекте, албетте, биз толугу менен өз кыргыз рыногубузду камсыз кылуубуз зарыл.

Жыйынтыктап жатып, агроөнөр жайдын ар бир багытын өнүктүрүү боюнча жаңы ойлору бар ар бир жаран үчүн, Министрликтин эшиги ачык экендигин белгилеп кетким келет. Биз кеңеш берүүдө, көйгөйлөрдү чечүүдө жардам бере алабыз жана биргелешип иштөөгө дайыма даярбыз.

Мындан тышкары, айыл чарба ишкерлерин насыялоо боюнча банктар менен тыгыз иштешебиз. Кызыктуу ойлоруңуздар бар болсо – келиңиздер, аларды бирге ишке ашыралы.

Маектешкен Азамат Султаналиев


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий