Image

Окуялар

Окуялар

ЖАҢЫЛЫКТАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

2017-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ ЧЕЙРЕГИНЕ КАРАТА ЭХИНОКОККОЗГО КАРШЫ ИТТЕР ТОЛУК ДАРЫЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1» долбоорунун алкагында митеге каршы каражаттарды сатып алат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына өткөрүп берет. Ал өз кезегинде жеке ветеринарлардын арасында жайылтуу максатында каражаттарды райондук башкармалыктарга жиберет. 2017-жылга карата 55 миң АКШ долларына 2 млн “Азинокс” таблеткасы сатылып алынган. Маминспекциянын маалыматына ылайык, республикада 389 миң ит катталган.

ВФКМИнин Бишкек башкамалыгынын өкүлү Жамалбек Чынгожоевдин маалыматы боюнча борбор шаардын төрт районунда митеге каршы иштерди жүргүзүүчү 27 ветеринар иштейт. Ветеринар адистердин жетишсиздигине карабастан, бардык үй иттерин алдын ала дарылоого аракет кылышат. Эхинококкоз – бул негизинен боорго жана өпкөгө зыян келтирүүчү, адамга иттен жугуучу оору. Акыркы он жыл ичинде бул оорунун көбөйүшү байкалат. Бирок, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы биринчи жолу бул илдеттин азаюсу катталган - өткөн жылы 972 адам ооруса, мурдагы жылы 1134 катталган.

БЕЙТАПТАРГА ВЕТЕРИНАРЛАР МОТОЦИКЛ МЕНЕН БАРЫШАТ

Жылдын башында Ысык-Көл областынан 114 жеке ветеринар, Нарын областынан 132 жеке ветеринар мотоциклдерге жана ветеринардык аспаптарга ээ болушту. Бул гранттык жардам «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору тарабынан көргөзүлдү. Техниканы сатып алуу жана тапшыруу иш-чаралары долбоордун аткаруучуларынын бири болгон Өнүктүрүү жана инвестиция боюнча агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашты.


Ар бир комплект 106,5 миӊ сомго айланып, төмөнкүлөрдөн турат:

• мотоцикл
• ийнесиз механикалык инъектор
• дозаланган автоматтык шприц стерилизатору менен ветеринардык хирургиялык шаймандар
• СОЭКС нитратомери
• маститти аныктоочу сүттүн сапатын текшергич жабдык
• ветеринардык кол-баштык

Буга окшош комплекттерди Баткен областынан 61 жеке ветеринар дагы алды. Мындай жардамды түштүктөгү эки областтын ветеринарлары дагы күтүүдө.

СТУДЕНТ-ВЕТЕРИНАРЛАР ҮЧҮН “ЖАНЫБАРЛАРДЫН БАКУБАТУУЛУГУ ЖАНА БИОЭТИКА” ДЕГЕН ЖАҢЫ САБАК КИРГИЗИЛДИ

Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин студенттери үчүн “Жаныбарлардын бакубаттулугу
жана биоэтика” деген жаңы предмет киргизилди. Эгер 2010-жылдан тарта бул предмет кошумча сабак катары окутулган болсо, 2017-жылдан баштап Эл аралык эпизоотиялык бюронун сунушу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин макулдугу менен милдеттүү предмет болуп киргизилди. Бул тууралуу КУАУнун ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы, ветеринардык илимдердин доктору, профессор Бекболсун Акназаров билдирди.

«Предметти киргизүүнүн негизги максаты – жаныбарларга гумандуу мамиле кылуунун негиздери менен студенттерди тааныштыруу. КУАУда бул сабак үчүнчү курстарда бир семестр окутулат. Учурда китептерди чыгаруу боюнча иш жүрүп жатат», - дейт Акназаров.

Заманбап малчылык продукциясын өндүрүүчүлөр негизги беш эрежени тутушат. Алар: ар бир фермада ар дайым малга суу жана тоют жеткиликтүү болуусу; аба ырайына байланыштуу коопсуз жерде болуусу; ветеринардык көзөмөл шартында багылуусу; өздөрүнүн тукумдаштары менен байланышта болуусу; психикалык азаптан жана кыйноодон эркин болуусу шарт.

ЧҮЙ ЖАНА ТАЛАС ОБЛАСТТАРЫНЫН ЖЕКЕ ВЕТЕРИНАРЛАРЫ МАЛ ДАРЫЛОО ЖӨНДӨМДӨРҮН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

2017-жылдын 1-мартынан тартып 31-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы өлкөнүн ветеринардык кызматтын дараметин жогорулатуу максатында Талас жана Чүй областтарынын жеке ветеринарлары үчүн практикалык окутуунун сериясын баштады.

Окутууда 300 гө чукул ветеринар катышат. Максаты –малды дарылоо боюнча ветеринардык кызматкерлердин билимин жогорулатуу, ветеринардык мыйзам ченемдерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берүү, бардыгы он тема боюнча.

Ветеринардык палатанын мастер-тренерлери, ветеринария илимдеринин доктору Манасбек Бабакулов жана айыл чарба илимдеринин доктору Абдыганы Абдрасулов окутуу модулдарын даярдашып, окутууну өткөрүшөт. Курсту аяктаган ветеринарлар күбөлүк алышат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР-ЖАЙ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН АДИСТЕРИ ААРЫЛАРДЫ ДАРЫЛООДО АНТИБИОТИКТЕРДЕН БАШ ТАРТУУНУ СУНУШТАШАТ

Аарынын ооруларын алдын алууда жана дарылоодо антибиотиктерди колдонуунун өзүнчө бир өзгөчөлүктөрү бар.

Антибиотиктер – бул микроорганизмдерди өлтүрүүгө же алардын өсүшүн чектөөгө жөндөмдүү биологиялык жактан пайда болгон химиялык заттар. Левомицетин (хлорафеникол) кандын пайда болуусун токтотуп, адамдын өмүрүнө абдан коркунучтуу; тетрациклин сөөктөргө жана тиштерге зыян.

Антибиотиктер аарылар үчүн дагы зыяндуу. Антибиотиктерди узак мөөнөттө пайдалануу антибиотикке каршы микроорганизмдердин жайылышына алып келет. Натыйжада, аарынын денесинде зат алмашуу бузулуп, ооруга туруктуулугу кескин түрдө төмөндөйт. Аарынын уюгунун микрофлорасы бузулуп, алардын жашоосу кыскарат, жыныстык клеткаларынын генетикалык аппараты өзгөрүүгө учурайт.

Дүйнөлүк тажрыйбада антибиотиктердин ордуна башка дары-дармектерди издөө жана жайылтуу жүрүп жатат.

Апимакс. Вирустун жана бактериалдык инфекцияларды, варроатозду, акарапидозду, аскосферозду, аспергиллезду, америкалык жана европалык чирикти (гнилец), парагнилецти, паратифти, гафниозду, колибактериозду, септицемияны, нозематозду дарылоодо жана алдын алууда колдонулат. Курамы: ийне жалбырактын экстракты, сарымсактын экстракты, талаа кырк муундун экстракты, эхинацеянын экстракты, кадимки шыбактын экстракты, эвкалипттин экстракты, ачуу калемпирдин экстракты.

АнтиВир. Кескин жана өнөкөт шал оорусун дарылоодо жана алдын алууда колдонулат. Курамы: аминокислоталар, микроэлементтер, сарымсак экстракты, аскорбин жана никотин кислотасы, А витамини.

Көк йод. Антибактериалдык, грибокко каршы жана антивирустук касиеттери бар натыйжалуу антисептик. Курамы: йод, калий йодид, картошка крахмалы жана суу.

Эндовираза (эндоглюкин). Курч жана өнөкөт шало орусунда, вирустук ооруларда колдонулат. Каражаттын активдүү компоненти эндонуклеаза болуп саналат.

Суутек перекиси (10%). Нозематозду, аскосферозду, аары гнилецин алдын алууда колдонулат.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий