Image

Окуялар

Окуялар

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК КАБАРЛАР

Айыл чарбасы жөнөкөй жер иштетүүнүн алка-гынан чыкканы көп болду. Ал өз ордунда тур-бай, илимдин, медицинанын, ветеринариянын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү менен өсүп-өркүндөп келет.

Орусияда күздүк буудайдын жаңы сорту чыкты

Орусиянын Москва айыл чарба илимий-изилдөө институтунун селекционерлери күздүк буудайдын жаңы сортун чыгарышты. Жаңы сортто рекорддуу өлчөмдө белок бар, ошондой эле бул сорт Орусияга мүнөздүү болбогон жогорку түшүмдүүлүктү көрсөтүүдө.

Бул буудайдан өндүрүлгөн ун эл аралык стандарттарга жооп берет: анда белок 16%, клейковина – 23-30% га чейин; жогорку сапаттагы нан даярдоо үчүн эң мыкты.

Булак: Россельхоз.рф

Калкыма чарбалар

Айыл чарбасы көп жерди талап кылат, ошондуктан, эртеби кечпи жер тартыш болору бышык. Азыр калкыма чарбалар барган сайын популярдуу болуп баратат. Бул маселе тууралуу Испаниялык Forward Thinking Architecture компаниясы ойлонуп, суу үстүндө ферманы долбоорлоду. «Акылдуу калкыма фермалар» деп аталган жогортехнологиялык жана күн энергиясы менен камсыздалган конструкциялар азык-түлүк маселесин чечүүгө арналган. Ар бир калкыма ферма күн энергиясы жана гидропоника менен жабдылып, жыл сайын 80 миң тонна жашылча жана 100 тонна балык өндүрөт. Конструкциясы жыйнап-чогултууга оңой болгондуктан, мындай фермалардын көлөмү тегеректеги элдин азык-түлүккө болгон муктаждыгына жараша болот. Балким, келечекте «калкыма чарбалар» классикалык айыл чарбасы үчүн олуттуу атаандаш болоор.

Булак: Gearmix.ru

Жөөктөгү дарылар

Айыл чарба продукциясы медицинанын дагы бир жагында, онкологиялык ооруларды дарылоодо да колдонула баштады. Бул жолкуда Кытайлык окумуштуулар рак менен күрөшүүгө салымдарын кошушту. Окумуштуулар таттуу картошка – батат менен эксперименттерди жүргүзүшкөн. Эксперименттин жүрүшүндө андан дары-дармек өнөр жайында колдонулуп келген, адамдын организмине жакшы таасир берүүчү зат – антоциан бөлүнүп чыккан. Антоциан – организмдеги шишик клеткаларынын пайда болушуна бөгөт коюучу күчтүү заттардын бири.

Бирок, мындай зат таттуу картошкада эле кездешпейт. Мындай заттар баклажанда, клюквада, черникада, калемпирде жана помидордо да бар.

Булак: innoros.ru

Колорадо коңузу менен күрөшүү

Колорадо коңузу - картошка жөөктөрүндөгү багбандын эң башкы көйгөйлөрүнүн бири. Зыянкечтер картошканын үстүнкү бөлүгүн, жалбырактары менен бутактарын талкалайт. Чаар-ала зыянкечтерге каршы ар түрдүү ыкмалар болгону менен, алардын дээрлик жарымы таптакыр натыйжасыз. Бул коңуз эң күчтүү химиялык дарыдармекке да тез көнүп, дыйкандарга кайра-кайра ыңгайсыздыктарды жаратат.

Өсүмдүктөрдүн молекулярдык физиологисынын институтунун генетик-окумуштуулары колорадо коңузу менен күрөшүүдө жаңы ыкма сунушташты. Алар картошканын жалбырактарындагы хлоропласттарда инсектициддик экичынжырлуу РНКны синтездешкен. Бул РНК жашоосуна эң зарыл болгон актин белогунун коңуздун денесинде пайда болуусуна жолтоо болот. Жалбыракты жегенден бир нече күндөн кийин коңуздар өлөт.

Булак: innoros.ru

Европа биримдиги: жаштар айылда иштегиси келбейт

Евробиримдиктин расмий сайтына ылайык, айыл чарба саясаты боюнча Евробиримдиктин алгачкы дебаттарынын жүрүшүндө 2020-жылдан кийинки мезгилге жаңы Бирдиктүү айыл чарба саясатын иштеп чыгуу талкууланды. Негизги маселелердин бири фермерлердин улгайып баратышы жана жаштардын айылда иштегиси келбегендиги айкын болду. Дебатын катышуучулары жаш фермерлерге жардам көрсөтүү системасын өзгөртүү зарыл деген бир бүтүмгө келишти. Аны менен бирге тажрыйбалуу фермерлер да жардам алуусу керек. Ошондой эле айыл жерлерин каржылык колдоону көбөйтүү муктаждыгы белгиленди.


Булак: kvedomosti.ru

Тажрыйба: Израилдин сүт берүүчү мал чарбачылыгы


Жер ресурстарынын жетишсиздиги жана ысык, кургак климатка карабай, Израилде сүт берүүчү мал чарбачылыгы өнүккөн. Өлкөдө ар дайым суу жетишпейт, жайыт жок, ошондуктан малдын тоюту концентрацияланган аралашмалардын гана турат. Негизги тоюттун түрлөрү буудай жана жүгөрү силосу, саман, чөп, жана ар кандай концентраттар жана микрокошумчалар. Израилдик фермерлер тоюттук эгинди чет өлкөдөн сатып алышат. Компьютердик системанын жардамы менен малдын азыктануу нормасын толугу менен көзөмөлдөшөт, тоюттун толуктугу жана азыктуулугу эсептелет. Малды тоюндуруу чыгымдын жана өндүрүмдүүктүн катышы аркылуу эсептелет. Ошентип, рациондун оптималдашкан системасы тоют аралашмасындагы пайдалуу компоненттердин курамын жана көлөмүн өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Булак: alecon.co.il


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий