Image

Адамдар

/kg/articles/obshchestvennoe-ob-edinenie-kyrgyzskii-soiuz-pchelovodov/
Адамдар

Общественное объединение "Кыргызский Союз Пчеловодов"

ААРЫЧЫЛЫК – КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН МААНИЛҮҮ БАГЫТТАРЫНЫН БИРИ. «КЫРГЫЗСТАН ААРЫЧЫЛАР СОЮЗУ» АССОЦИАЦИЯСЫ ТОГУЗ ЖЫЛДАН БЕРИ ААРЫЧЫЛЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШТЕП КЕЛЕТ. КАЗИМ КАРАКЕТОВ, АССОЦИАЦИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИБИЗДИН СУРООЛОРУБУЗГА ЖООП БЕРИП, 2017-ЖЫЛГА КАРАТА УЮМДУН ПЛАНДАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ.

Ассоциация эмне менен алектенет ?

Ассоциациянын максаты – Кыргызстандын­ аймагында аарычылык чарбасын өнүктүрүү. Биз ар кыл кеңештерди беребиз. Аарычылар ассоциациясынын аракети менен Кыргыз Республикасында бал өндүрүү көбөйдү, жаңы жумушчу орундар пайда болду, бал челекчиликти үйрөткөн окуу борбору түзүлдү.

Аарычылык менен канча жыл алектенесиз жана кандай жетишкендиктер бар?

- 2003-жылдан бери аарычылык менен алектенем. 2008-жылы «Кыргыз аарычылар союзу» ассоциациясы уюшулуп, беш жылдын ичинде дүйнө жүзүнө таанылды. «Кыргыз аарычылар союзу» 2010-жылы бүткүл дүйнөлүк «Apimondia» уюмуна – дүйнөлүк аарычылык ассоциацияларынын федерациясына кирди. 2013-жылы биз бул уюмдун беш сыйлыгын жана гран-прини алдык. Кийинчерээк биздин бал Түркияда алтын сыйлыкка, Түштүк Кореядан 7 медал жана гран-приге татыктуу болуп, жалпысынан ассоциация 22 эл аралык сыйлыкка ээ болду. Учурда ассоциацияга 800дөн ашык ар түрдүү аары чарбалары кирет.

Ассоциациянын 2017-жылга кандай пландары бар? Кандайдыр бир кызыктуу долбоорлор барбы?

- Ассоциациянын планында коомдук мааниге ээ болгон билим берүү боюнча долбоорлор бар.

Биз балчылар үчүн жаңы жабдууларды алып келүүнү пландап жатабыз. Өткөн жылы өнөр жайлык бал челектер долбоорун баштап, быйыл дагы анын үстүндө иштөөдөбүз. Болочок долбоор үчүн дагы бир кызыктуу идея – карапайым балчы өзүнүн экономикалык абалын оңой-олтоң көзөмөлдөп турушу үчүн финансылык менеджмент боюнча мобилдик тиркемени даярдоо.

Сиздердин уюмдун алдында кыйынчылыктар барбы?

- Албетте, кыйынчылыктар бар. Маселен, каржы жетишпейт, атаандаштар бар; бирок бул кыйынчылыктарды жеңүүгө болот. Эгерде максат бар болсо, анда аны ишке ашыруу керек, буга эч кандай тоскоолдук жолтоо боло албайт.


Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жогорку түшүм алууга аротехниканын эрежелерин сактоодон тышкары кайчылаш-чаңдаштыруу керектигин илим менен тажрыйба тастыктады. Бал аарылар көпчүлүк өсүмдүктөрдүн чаңчаларын ташып, чаңдаштырат. Аарычылык илимий-изилдөө ин-ституту 28 чарбада гречиха талааларына бал челектерди алып баргандан кийин эгиндин түшүмү 48% га жогорулаганын аныктады.

Ошондой эле аарылар мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн да чаңдыштыруу үчүн керек. Азыр бакчалар бир топ аймакты ээлеп, аларды жапайы гана курт-кумурскалар чаңдатып жетишпейт.

Булак: paseka.pp.ru


Уюмда балчынын жолу эмнеден башталат?

Менин оюмча, баардыгы ойдон башталат. Эгер адам балчы болууга умтулса, ал бизди оңой эле таап, биздин катарыбызга кошулат. Эгер адамдын балчы болом деген максаты болсо, анын кайсы этапта турганы маанилүү эмес. «Кыргызстандын аарычылар союзу» кайрылган ар бир адамга колдоо көрсөтүп, кеңешин берет.

Апитерапия деген эмне? Кыргызстанда мындай тажрыйба барбы?

Апитерапия – бул ар кандай ооруларды аары азыктары менен элдик дарылоо ыкма. Бул дүйнөлүк белгилүү тажрыйба, бирок адистердин жоктугунан улам Кыргызстанда өнүккөн эмес. Ошондой эле Кыргызстанда бал челектерди экотуризмде колдонуу потенциалы бар болгону менен, финансылык ресурс жана билимдин жетишсиздигинен өнүкпөй келет.

Сиздер бийлик органдары менен иштейсиздерби?

Ооба, өткөн жылы союздун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы менен жолугушту. Быйыл дагы бир жолугушуу болот. Анда каржы боюнча маселелерди, балчылар үчүн кандайдыр бир кредиттик линияны бөлүүнү талкууласак болор эле. Ошондой эле бал стандарттарына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп эсептейбиз.

Сиздин оюңузча, ийгиликке жетүүгө эмне жардам берет?

Менин оюмча, ар бир дыйканга, балчыга, же жөн эле адамга ийгиликке жетүү үчүн эки нерсе керек: мотивация жана даярдык. Эң негизги кеңеш - жаңы билим алуу, үйрөнүү керек. Ал эми «Кыргызстандын аарычылар союзу» үйрөнүү жана өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий