Image

Животноводство

/kg/articles/pastbishcha-vremia-deistvovat/
Животноводство

ЖАЙЫТТАР: ИШКЕ КИРИШҮҮ МААЛЫ

Биздин маектешибиз – бул долбоордун координатору Майрамбек Баялиев.


Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) менен иштеп калгандардын көпчүлүгү анын коллективи иш аркылуу мекенине жардам берүүнү эңсеген, ишти эң жогорку деңгээлде жүзөгө ашырган коллектив катары башкалардан айырмаланып турганын айтып келишет. 2003-жылы уюмдун түзүлүшү менен бирге кесипкөйлүктүн жана жеке жоопкерчиликтин эң жогорку планкасы дагы негизделген. Кийинки 14 жыл ичинде АРИС айылдыктардын арасында өзүнүн авторитетин бекемдөөгө умтулуп келет.

Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактап калуу, жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо көптөгөн структуралардын макулдашып иштөөсү аркылуу гана ишке ашат эмеспи. Мындай мисалдардын бири – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте, эл аралык каржы институттарынын колдоосу астында иштеп жаткан “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоору.


Майрамбек Эмелбекович, Кыргызстанда жайыттарды өнүктүрүү стратегиясына, жайыт комитеттерине жана алардын туруктуулугуна олуттуу маани берилип келет. Бул иш көп кырдуу болгондуктан, Долбоордун негизги максаты эмнеде?


Биринчи кезекте белгилеп кетсем, биздин бул долбоордун ишке ашуусуна АРИСтин “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат кѳрсѳтүү” (ПСИУ) долбоорунун натыйжалуу жыйынтыктары түрткү болду. Андан кийин, 2014-жылы декабрда, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы тиешелүү каржылоо жөнүндө Келишимге кол коюлган. Долбоор 2015-жылдын 27-августунда башталып, аяктоосу 2019-жылдын 31-мартына пландаштырылган.

Негизги максаты – Жайыт пайдалануучулар бирикмелери (ЖПБ) жана жеке ветеринардык кызматтары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтын деңгээлин жогорулатуу аркылуу жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу. ЖПБ жана жеке ветеринарлар көрсөтүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуудан Чүй жана Талас облустарынын 190 000 айылдык кожолуктары пайда алышат. Айта кетсек, бул кожолуктардын он пайыздан кем эмесине аялдар башчылык кылат.
Долбоордун алкагында 140 ЖПБге жана 420 жеке ветеринарга жардам көрсөтүлөт, ошондой эле Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык факультетинин 48 бүтүрүүчүсү жеке ветеринар катары өз алдынча ишин баштоого грант алышат. Муну менен катар, Жайыт департаментинин, Ветеринардык палатанын, агрардык өнүгүү боюнча райондук башкармалыктардын башкаруу потенциалы жана материалдык-техникалык дарамети чыңдалат.

Орчундуу пландар экен … Буларга кандай финансы каражаттары каралган?

- Дүйнөлүк банктын салымы 15 млн. АКШ долларын түзөт. Жайыттарды жакшыртууга жана мал чарбачылыгын, ветеринардык кызматтарын өнүктүрүүгө коомчулуктун салымы болжол менен 1 млн. 750 миң АКШ долларын түзөт. Ошентип, долбоордун жалпы бюджети 16 млн 750 миң АКШ долларын түзөт.

Кайсы бөлүгү АРИСтен бөлүнөт? Бул долбоордун Кыргызстанда ишке ашуусуна дагы ким жооптуу?

Долбоордун негизги аткаруучулары: КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттик, Жайыт департаменти, Кыргыз улуттук агрардык университет жана АРИС. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган жана КР Жогорку Кенеши тарабынан ратификацияланган Каржылык келишимге ылайык коюлган милдеттерди аткаруу үчүн аткаруучу агенттиктердин ролу жана функциялары тиешелүү каржы каражаттары менен так бөлүштүрүлгөн. АРИСтин мандатына бардык коомдук мобилизациялоо, гранттык каражаттарды башкаруу жана жергиликтүү жамааттардын дараметин көтөрүү боюнча иш-чаралар өткөрүлүп берилген. Гранттык каражаттар жергиликтүү жамааттар үчүн каралгандыктан, 10 млн АКШ доллары АРИС тарабынан өткөрүлөт.

Майрамбек Эмелбекович, долбоорду ишке ашырууда кандай жумуштар аткарылат?

Долбоор үч компоненттен турат:

• 1-компонент. Жайыттарды жамаатташып башкаруу

• 2-компонент. Малдын саламаттыгын сактоо кызматтары

• 3-компонент. Долбоорду башкаруу

1-компоненттин алкагында долбоор айыл жайыттарына байланыштуу укук маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча семинарларды өткөрөт; ­жайыттардын тышкы чек арасын тактоону аяктоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат; катталган тышкы чек араларын санарипке өткөрөт; ЖПБнин ички чек араларын тактайт жана инвентаризациялайт.

Жамааттык жайыттарды башкарууну жакшыртуу боюнча кээ бир жайыт комитеттерди окутуу төмөнкү багыттар боюнча жүрөт: чырчатактарды чечүү, ЖПБнын райондук ассоциацияларынын дараметин чыңдоо, аярлуу катмарды жайыт башкарууга тартуу, жана ошондой эле жалпысынын жамааттык ­жайыттарды башкарууну пландоо.

Жайыт комитеттерге грант берүү планда барбы?

Албетте, мындай иш-чаралар каралган. Мисалы, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн (урук көбөйтүү, себүү, тоют өндүрүү жабдыктары жана сактоочу жайлар, мал кармоочу жайлар, же мал чарбачылыгын жакшыртуу боюнча инвестициялар) ар бир ЖПБга грант берилет. Гранттар 3 500 дөн 115 000 АКШ долларына барабар суммада (биринчи жылы – 80%, экинчи жылы – 20%) каралат. Ар бир ЖПБга берилүүчү гранттык каражаттардын көлөмү калктын жана малдын санына, жайыттын көлөмүнө жараша болот. Кийин чакан долбоордун туруктуу болушу үчүн чакан долбоордун жалпы наркынын бери дегенде 25 пайызын, анын ичинен 5 пайызын накталай ЖПБ өзү төлөйт.

Ошондой эле ЖПБ гранттык каражаттын биринчи жылдагы бөлүгүн экинчи жылдын каражатына кошуп, экинчи жылы иштетүүгө мүмкүнчүлүк (мисалы, эгерде алардын чакан долбооруна бир жолу чоңураак суммада каражат талап кылынган учурда) алат.

Токой чарбаларынын жайыттарын башкаруу подкомпонентинин алкагында беш пилоттук ЖПБга токой чарбасынын жайыттарын жакшыртуу боюнча субгранттар берилет. Гранттар пилоттук ЖПБ менен токой чарбанын ортосунда келишим түзүлүшүнө жараша берилет.

Мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кандай иш алып барасыздар, толугураак токтолуп кетсеңиз?

Мында дагы малдын саламаттыгын сактоо жана мал чарбачылыгы боюча ЖПБга субгранттарды берүү каралган. Бир же бир нече ветеринардын кызматын сатып алуу үчүн 1000 АШК доллары чамасында субгрант берүү пландаштырылууда. Толук масштабдуу иш жеке ветеринарлардын топторго көрсөткөн кызматына көзөмөл салууну жана аларды окутууну камтыйт.

Белгилей кетсек, долбоордо жеке ветеринарларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн көптөгөн иш-чаралар, анын ичинде бир ЖПБга 1500 АКШ доллар субгрант берилиши да (негизги жабдуулар жана ветеринардык каражаттар) каралган.

Бирок, гранттар жеке ветеринарлар төмөнкү шарттарды аткарганда гана берилет: Ветеринардык палатада катталуусу; жеке ветеринарлардын райондук бирикмесинде мүчө болуусу; келишим менен ЖПБга тартылуусу керек. Жеке ветеринарларды тандап алууда төмөнкүлөр эске алынат: (1) талапкерди ЖПБ көрсөтөт; (2) Ветеринардык палатадын мыйзамдуулугу талданат; (3) Мамлекеттик ветинспекция сунушталган талапкерлерди бекитет.

Албетте, бул иш-чаралар Кыргызстанга бөлүнгөн акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында жүргүзүлмөкчү. Майрамбек Эмелбекович, маегибиздин акырында, биздин журналдын биринчи саны болгондуктан, окурмандарга эмне каалап кетээр элеңиз?

Эң оболу, Жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча келечек пландарыбызды кыргызстандыктарга түздөн-түз айтып берүү мүмкүнчүлүгүн берген редакцияга рахмат. Окурмандарга тынчтык, туруктуулук жана биздин уникалдуу өлкөбүздү өнүктүрүүдө күч-кубат каалайм.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий