Image

Адамдар

/kg/articles/sharshen-kurmanov-osoznanno-i-s-gordost-iu-ia-vybral-put-chastnogo-veterinara/
Адамдар

ЖЕКЕ ВЕТЕРИНАР ШАРШЕН КУРМАНОВ: “ЭЛ КАНЧАЛЫК ТҮШҮНСӨ, ОШОНЧОЛУК ӨЗҮН-ӨЗҮ САКТАЙТ”

ШАРШЕН КУРМАНОВ

Ар убак алдыга умтулуп, аракеттин үстүндө жүргөн адам сөзсүз түрдө эл оозуна алынып, кадыр-барк күтөт. “Ааламга жол айылдан башталат” деген сөздү өзүнө сиңирип, акылына бекем туюп, бир айылды тейлеген жеке ветеринар Шаршен Курманов Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында өмүрүн кечип, патриоттук сезими менен иштеп, элдин көйгөйүн чечүүгө салымын кошуп келет. Айыл өкмөтүндө эки жыл мал чарба адиси, жайыт комитетинин эсепчиси, айылдын Башкы жамаатынын төрагасы, айылдык ден-соолук комитетинин мүчөсү болуп, бир убакта бир нече кызматты аркалап, ар дайым эмгек үстүндө.

Курманов Шаршен жыйырма эки жыл шахтада иштеген. Кийин жумуш токтогон мезгилде кайда иштээри туурасында көпкө деле ойлонгон эмес. Анткени, айыл жергесинде жылдан жылга малдын башы көбөйгөндүктөн ветеринар кесиби актуалдуу боло баштаган. Мына ушул учурда каарманыбыздын биринчи алган кесиби жардамга келип, айылда ветеринар жок болгондуктан, 2002-жылдан тарта жеке ветеринар болуп, жергиликтүү элге кызмат көрсөтө баштаган. Ошондон тарта ар кандай долбоорлор менен иштегенин, өзгөчө Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү аркылуу көп иштерди жасагандыгын баса белгилейт. Долбоор аркылуу берилген муздаткыч, инструменттер жана башка каражаттар учурда хирургиялык иштерге колдонулат.

Жыргалаң – тоо арасында жайгашкан ажайып кооз жер. Өзгөчө жай мезгилинде келген адам бул жактан кеткиси келбейт. Калкы чакан, ынтымактуу айылдын ар бир жашоочусун каарманыбыз жазбай тааныйт. Жыргалаң-шахта айылында 216 түтүн болуп, анын ичинен 147 түтүндүн малы бар. Учурда жети жүздөй ири мүйүздүү мал, эки жүздөн ашык жылкы, эки миң сегиз жүзгө жакын кой эчки, жүз алтымыш ит, жыйырма төрт мышык, үч жүзгө жакын үндүк тоок, каз бар деп Шаршен Курманов жадыбалдай жат билет.

Жеке ветеринар Шаршен Курмановдун эң бир сыймыктуу, алгылыктуу иштеринин бири катарында анын демилгеси менен айылдан узагыраак тоонун бооруна тереңдиги тогуз метрге жеткен Беккари чуңкурунун салынышын айтса болот. Эл менен оңой тил табышууга жөндөмдүү болгондуктан, айылдын жашоочуларын ийге келтирип, Беккари чуңкурун өздөрү казышкан. Беккари чуңкурунун керектиги, курулуп жаткан себеби туурасында элге түшүнүк берүү үчүн семинар дагы уюштурган. Шаршендин айтымында, эхинококкоз оорусун алдын алуу үчүн айылдарда Беккари чуңкурунун салынышы абдан маанилүү. Ар бир айылда мындай иштин жасалышы адамдардын дени сак жашоосунан кабар берет. Ал жеке ветеринардын артыкчылык сапаты – бул эл менен тыгыз байланышта болуу, алар менен тил табышуу деп эсептейт.

Кандайдыр бир ооруну алдын алуу үчүн аны элге туура түшүндүрүү керек. Ал эми бул жаатта ветеринарлар көптөгөн кызык окуяга туш болушат. Каарманыбыз дагы жумуш учурундагы кызыктуу окуяларынан айтып берди. “Элге итиңерге паспорт алгыла дегенде алгач бизди шылдыңдашкан. Итине дары берип иттин паспортун алып чык десе таппай же өрттөп салышат. Айла жок отуз паспортту кайра жазып бергем”, - деп күлөт.

Каарманыбыз ветеринар кесибин абдан жактырат. Дарыларды алдын ала берип, өзгөчө бруцеллез оорусунун эки жылдан бери чыкпай калгандыгын сыймык менен айтат. Ар тараптуу иштегенди жактырган Шаршен Айылдык ден- соо­лук комитети менен дагы бирге иштешип, мектептерге барып, окуучуларга эхинококкоз оорусу боюнча сабак өтүшөт. Мындан сырткары, үй кожойкелерине дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Малчылар үйлөрүнө чейин чакырышат, бирок баарына барууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, айрымдарына кеңешин берип узатат. Малчыларга жетүүдө транспорт жагынан кыйналып жаткандыктан, квадрацикл болсо жакшы болот эле деген сунушун билдирди.

Тынбаган эмгек гана ийгиликке алып келээрин сезген жеке ветеринар Шаршен Курманов алдыңкы пландарда купка жана раскол курулса бир топ жеңилдик болоорун айтат. Айыл өкмөтүнүн бюджети бар болгону менен, Жайыт комитети айыл чарбасынын долбоорлору менен иш алып барса, ошол аркылуу толук бүтүрөбүз деген үмүтү бар. Мындан сырткары, ар дайым жүрөгүн өйүп келген суу алып кеткен көпүрөлөрдү дагы грант алсак, жасайт элек деген пландары бар.

Учурда жасалма уруктандыруу боюнча дагы иштеп жатат. Былтыр жыйырмадан ашык уй куудурган. Жасалма жол менен уруктандыруу абдан жакшы экендигин белгилейт каарманыбыз. Жеке ветеринардын жумушу абдан көп болгондуктан, Шаршен баардыгына жетишүүгө аракет кылат.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий