Image

Өсүмдүктөр

Өсүмдүктөр

АГРОНОМДУН КЕҢЕШИ: МАЛИНА

МАЛИНАНЫН МӨМӨСҮН АДАМЗАТ БАЙЫРКЫ ЗАМАНДАН БЕРИ ЭЛЕ ТАМАК-АШКА КОЛДОНУП КЕЛЕТ. ОКУМУШТУУЛАР ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА МАЛИНАНЫН 700ГӨ ЖАКЫН ЖАПАЙЫ ТҮРҮН САНАП ЧЫГЫШТЫ. АЛАР БИРИ-БИРИ МЕНЕН ОҢОЙ ЭЛЕ КАЙЧЫЛАШАТ, ОШОНДУКТАН, МАЛИНАНЫН ДААМЫ ЖАНА МӨМӨСҮНҮН ТҮСҮ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНГАН ГИБРИДДИК СОРТТОРУ БАР.

Малина (дан куурай) - жер бетиндеги бөлүгү бир жылдык жана эки жылдык сабактардан турган жарым бадал. Жер астындагы бөлүгү көп жылдык тамыр. Сабагы биринчи жылы узарып өсөт, экинчи жылында мөмө байлайт. Мөмө бергенден кийин ал сабак өлөт да, анын ордуна башка жаңы сабактар өсүп чыгат.

Кыргызстанда жапайы малина тоолуу капчыгайларда кездешет. Жергиликтүү түрлөрдөн тышкары башка түрлөрдү дагы кайчылаштырышат. Бул малинанын түндүк америкалык кара жана сары мөмөлүү формалары. Бул түрлөрдүн кайчылаштыруунун натыйжасында мөмөнүн түсү менен айырмаланган жаңы сорттор келип чыгат. Европадан «Полана» жана «Полька» сортун алып келишет, жергиликтүү сорттордон «Бабье лето» сорту жакшы деп эсептелинет. Бул сорттор ремонтанттык деп аталып, өлкөнүн бардык аймактарында өстүрүлөт. Ремонтанттык малина эки жылдык жана бир жылдык сабагында мөмө байлоого жөндөмдүү, б.а. узакка мөмө берүүчү сорт. Кадимки малина экинчи жылы гана мөмө байлайт, биринчи жылы сабактарында жалбырактарынын колтукчаларында 2 гана гүлдүн бүрү пайда болот, алардан экинчи жылы бутакчалар өсүп чыгып, жайдын ортосунда мөмө байлайт. Ремонтанттык сортторго салыштырмалуу кадимки малинанын мөмөсү таттуураак келет. Ар жылы ремонтанттык малинаны түбүнөн жаңы сабактар өсүп чыгып, алар мөмө байлайт. Мөмө байлап бүткөн жогорку бөлүгү куурап калат. Калган бөлүгүндө мөмө сабактар пайда болот. Башкача айтканда, жайдын ортосунда эки жылдык сабактардан эки жолу, ал эми бир жылдык сабактардан күзүндө бир жолу түшүм жыйналат. Бирок бул мөмөнүн сапатынын начарлашына жана түшүмдүүлүгүнүн азайышына алып келет. Ошондуктан бир жылдык сабактардан түшүм алып, өсүү токтоор алдында, суук түшкөнгө чейин кыркып салуу сунушталат. Ремонтанттык малинаны бир жылдык кылып өстүрүүдө кыштатуу маселесин жок болот. Анткени, эрте жаздагы кескин жылуудан жана күтүлбөгөн үшүктөн сабактары өлөт. Ошондой эле, плантацияда малинанын сабактарын чаап, тазалап салуу химиялык каражатсыз эле негизги илдеттерди жана зыянкечтерди жок кылууга мүмкүндүк берет.

Кандай сорт өстүрүү – ар бир дыйкандын тандоосу. Башка жагынан алганда, бир жылдык сабактарды экинчи жылга калтыруу менен малинанын мөмө берүү мөөнөтү узарат, мында дыйканга экономикалык жактан пайдалуу болот. Мындан тышкары, ремонтанттык сорттор жакшы түшүмдүүлүгү менен дагы айырмаланат. Эгерде кадимки малина сортуна жараша бир бадалдан 1 кг дан 2.2 кг чейин түшүм берсе, ремонтанттык малина 1.7 кг дан 3.7 кг га чейин түшүм берет. Жагымдуу шарттарда 1 гектардан 20 тоннага чейин түшүм алууга болот. Ремонтанттык сорттун дагы бир артыкчылыгы - түшүмдү батыраак берип, өзүн-өзү тез актайт.

Кадимки малинанын жакшы делген жаңы сорттору булар: «Новость Кузьмина», «Бальзам», «Блестящая», «Гусар». Бул сорттор М.А.Лисовенко атындагы Бакча илимий изилдөө институтунда, Брянск областынын Кокинский пунктунда жана Бүткүл россиялык селекциялык-технологиялык институтунда орусиялык селекционерлер тарабынан чыгарылган. Мындан тышкары, польшалыктардын селекциясында чыккан тез бышчу «Ласка» сорту жакшы болуп эсептелет.

Учурдагы ремонтанттык сорттор кадимки малинадан мөмөлөрүнүн чоңдугу менен айырмаланып, бир топ артыкчылыкка ээ. Мөмөсүнүн орточо салмагы 3.1-4.5 грамм болгон сорттор - «Августина», «Бабье лето», «Бабье лето 2», «Брянская юбилейная», «Жар Птица»; ал эми орточо салмагы 7.0-11.5 грамм болгон ири мөмөлүү сорттор - «Золотая осень», «Геракл», «Рубиновое ожерелье», «Брянская дива», «Полана», «Полька». Азыркы учурда, польшалык селекционерлер чыгарган малинанын сорту Кыргызстандын сорттук участокторунда сыноодон өтүп, сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрине киргизилди жана өстүрүүгө уруксат берилди.

Малина Ысык-Көл бассейнинде, Чүй облусунун тоо этектеринде, Баткен облусунун Кадамжай районунун бөксө тоолуу жана тоолуу аймактарында жакшы өсөт. Мында дээрлик бардык региондордо малина тараган. Бирок негизинен дыйкандар Чүй жана Ысык-Көл облустарында өстүрүлөт. Чүй областынын Сокулук районунун Күнтуу айылындагы чарбалар малинанын аянттарын 1 гектардан 3 гектарга чейин көбөйтүштү. Бирок, бул дыйкандарда бир кемчилик бар. Акча каражаттын жоктугунан жана билбестиктен, сапаты жана түшүмдүүлүгү начар болгон эски сортторду өстүрүшөт. Ысык-Көл облусунун дыйкандары башка жол менен кетишти, алар акырындап эски аянттарды «Полана», «Полька», «Ласка» деген польшалык жаңы сорттор менен алмаштырышууда. Бул сортторду алып келүүнүн демилгечиси Сулайманов Аскар жетектеген «Ысык-Көл-Агро» ЖЧКсы. Мындай малинанын көчөтүнүн орточо баасы 150 сомго чейин жетет.

Буга чейин малина үй бакчада өстүрүлчү. Эми малинаны масштабдуу түрдө өндүрүүгө аракет болгону менен, майда товардык өндүрүштөн улам анча чоң эмес аянттарда өстүрүлөт. Мындай ыкма адам ресурстары, механизациялоону жана логистиканы кыйындатып, өндүрүш чыгымдарын көбөйтөт. Окумуштуулар тарабынан чыгарылган, жемиштерди жыйноодо көп убакытты талап кылбаган сорттор чыгымдарды азайтат. Бирок мындай сорттор 20-50 гектар болгон ири аянттарга гана ылайык.

Малина салкын климатты жактырат. Башкача айтканда, биздин бардык региондордо өсөт. Бирок, бул ысыкты жана өтө туздуу топуракты жактырбайт, ошондуктан, тоо этегиктеринде жакшы түшүм берет. Бай топуракты, жарыкты жана нымдуулукту тандайт, бирок сазга туруштук бере албайт. Ойдуңдарда же чуңкурураак жерлерге өстүрүүдө этиет болуу керек, анткени мындай жерлерден үшүк алып кетүүсү мүмкүн. Эгерде тоо капталында отургуза турган болсоңуз, түндүк, түндүк-чыгыш тоо этегин тандап алуу жакшы; ал эми түштүк жана батыш капталдарда кургакчылыктан жапа чегет.

Отургузууга жерди күзүндө даярдап алуу керек. Жерди отоо чөптөн тазалап, азыктандыруу керек. Отоодон тазалоо үчүн жерди парга калтыруу зарыл, же болбосо отоо басканына жараша «Grifostad» гербицидин 1 гектарга 2-5 литр нормасында колдонууга болот. Гербицид таасир бергенден 20-30 күндөн кийин жер 30-35 см тереңдикте айдалат. Жазгы отургузууда жер терең айдалат, ал эми күзгү отургузуу үчүн 2-3 жума мурда топурак даярдалат. Айдалган кыртыш кылдаттык менен тырмалат жана түздөлөт. Жер айдоого чейин топурактын асылдуулугуна жараша 1 чарчы метрге 10-20 кг кык, 100-200 грамм суперфосфат, ошондой эле жөөккө 4-5 кг органикалык жер семирткич, 80-100 грамм фосфор жер семирткичин берүү зарыл. Отургузуу күзүндө же жазында жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок күзүндө отургузулса 100% өсүп кетет.

Өнөржайлык масштабда отургузуу схемасы мындай: катарлардын ортосу 2.5 метр, ал эми катардын ичинде 0.5-0.7 метр аралык сакталат. Бир жылдык майда жан чырпыктардын баштарын 4-5 бүчүр калтарып кыркышат, бутактын негизин кыртыштан 2-3 см терең кылып отургузуу зарыл. Малина жарым бадал болгондуктан, мөмөлөрү бышканда бутактары жерге ийилип, оруу-жыюуну кыйындатат. Ошондуктан, бадалды тиреп коюу керек.

Аба ырайына жараша малинаны 6-8 жолу сугаруу керек. Ар бир сугаттан кийин топуракты жумшартып туруу кажет. Мөмө байлап бүткөн экинчи жылдык бутактарды бутап салуу керек. Экинчи жылдан тарта 1 чарчы метр аянтка 100 граммга жакын азот жер семирткичин жана 100-150 грамм фосфор жер семирткичин берип турат. Тамырлары тайыз жайгашкандыктан, жер семирткичти кылдаттык менен, терең эмес берүү зарыл.

Малинанын илдеттеринин арасында вирустук мозаика, дат, дидимела, ачык кызылтемгил так (пурпурная пятнистость) жана септориоз кеңири тараган. Зыянкечтерден малина желелүү кенеден (паутиный клещ) жана кулпунайдын шиш тумшуктан жабыр тартат. Козу карын ооруларынан арылтуу үчүн курамында жез камтыган фунгициддер пайдаланылат. Зыянкечтерге каршы БИ-58 ж.б. сыяктуу пестициддер колдонулат. Бирок, өсүмдүк эмнеден жабыркаганын аныктоо менен алектенбеңиз деп кеңеш берет эле: анткени, ар бир райондо өсүмдүктөрдү коргоо боюнча кызмат иштейт, алардын адистери илдетти так аныктап, кандай чара колдонуу боюнча кеңештерин беришет. Себеби, малина пестицид, гербицид ж.б. химикаттардын калдыктары боюнча СНиП (санитардык нормалар жана эрежелер) талаптары коюлуучу өсүмдүк болуп саналат.

Малинанын түшүмдүүлүгү көптөгөн себептерге байланыштуу. Негизги себептери – бадалдагы мөмө байлоочу бутактардын саны, мөмөлөрдүн саны жана орточо салмагы. Түшүмдүүлүк сорттон жана өстүрүү технологиясынан, ошондой эле өсүү учурундагы аба ырайынан жана өсүү мезгилинин узактыгынан көз каранды болот. Мөмөсү абдан назик болгондуктан, кол менен кылдат жыйноо керек. Түшүм жыйноо убакыт көп эмгекти талап кылуучу, бирок өндүрүүчү-фермер үчүн эң чечүүчү иш. Жыйноочу сортуна жараша күнүнө 15 кг дан 45 кг чейин чогулта алат.

Түшүм терилгенден кийин мөмө жалпайып калбашы үчүн 100-200 граммдык, эң көп дегенде 500 граммдык контейнерге салынышы керек. Андан соң контейнерлерди коробкага же жашиктерге салып, 3-4 саатта жүктөшөт. Жемиштерди бузбоо үчүн жашиктерди катуу кыймылдатпоо зарыл.

Маркетингдин жоктугунан жана майда товардык өндүрүштөн улам, Кыргызстанда даяр продукцияны сатуу ирээтсиз жүрөт. Негизинен сатуу Казахстанга багытталган. Бирок, учурда айыл чарба өндүрүүчүлөр бул рынокко жете алышпай жатат. Продукцияны Казахстандык алып сатарлар өздөрүнүн баасын коюп сатып алышат. Ошондой эле түшүмдүн бир бөлүгү жергиликтүү калкка базарларда сатылат. Малина бакчалардын аянтын көбөйтүүдөгү негизги маселелер– бул кайра иштетүүнүн, тоңдуруу линиясынын жана борборлоштурулган сатуу түйүндөрүнүн жоктугу. Эмне үчүн фермерлер продукциянын көлөмүн көбөйтө алышпайт? Кайра иштетүүнү жана сатууну уюштуруучу инвестиция тартылбаса, продукциянын көлөмүн көбөйтүү маселе бойдон эле калат. Анткени, продукциянын көлөмү көбөйсө, ашыкча продукция пайда болуп, өздүк наркы жогору бойдон калып, баа төмөндөйт, фермерге пайдасыз болот.

Улан Узакбаев, агроном


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий