Image

Адамдар

/kg/articles/stremlenie-k-razvitiiu-i-sovershenstvovaniiu/
Адамдар

ӨНҮГҮҮГӨ ЖАНА ӨРКҮНДӨӨГӨ УМТУЛУУ

Кыргызстандын күнөсканачыларын 2015-жылы күч-аракетти бириктирүүгө жана күнүмдүк маселелерди биргелешип чечүү максатында Whatsappта “The United Kyrgyz Greenhouses” деген топту, ага улай эле ошондой эле аталыштагы Ассоциацияны – агро-өнөр-жай комплексин түзүүгө түрттү.

Быйыл жаңыдан бутуна туруп, рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жолуна түшүп жаткан агрардык сектордо өзүбүз тууралуу билдирүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ички жана тышкы инвесторлор агросектордун рентабелдүүлүгүнүн жогорулашынан улам, перспективдүү долбоорлорду карап чыгууга даяр экендигин билдиришүүдө.

Агроөнөржай комплексине бал челекчилик дагы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү дагы кирет. Күнөскана сектору өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыздоодо өзгөчө бир орунду ээлейт.

Үстүбүздөгү жылы борборубуздун бизнесмендери жергиликтүү продукциянын пайдасына агро-өнөржайлык комплекстин импорттолуп алынып келинген продукциясынан баш тартууну чечишти. Албетте, бул жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү олуттуу колдоо болмокчу. Жергиликтүү продукцияга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн бүтүндөй күнөскана сектору, жана ошондой эле кээ бир чарбалар төмөнкүдөй маселелерди чечүү үчүн өз ара келишип, аракеттерин координациялашы абзел:

продукциянын сапатын текшерүү;

сектордун стандарттарын сак-тоо;

продукциянын маркетинги же бренд тагуу;

сертификация;

логистика;

айкындуулукту жана ачыктык-ты жогорулатуу;

күнөсканачылардын каржылык сабаттулугун жогорулатуу.

Быйыл Ассоцияция өзүнүн алдына төмөнкү максаттарды коюууда: күнөскана продукциясына болгон ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн акыркы керектөөчүлөр менен иштөөнүн негизинде натыйжалуу маркетинг жүргүзүү, стандартташтыруу жана сапатты көзөмөлдөө системалары (HACCP, сертификациялоо) тууралуу маалымдоо, ошондой эле ассоцияциянын мүчөлөрүнүн аракетин координациялоону жакшыртуу жана жана өзүн-өзү каржылоосун камсыз кылуу.

“United Kyrgyz Greenhouses” (“Кыргызстандын бириккен күнөсканалары”) күнөсканалар ассоциациясынын максаты: ­Кыргызстандын күнөсканачылары туш болгон маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү, ассоциациянын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо/көрсөтүү жана Кыргызстандын агро-өнөр-жай комплексинин бардык катышуучулары менен өнөктөштүк мамилени өнүктүрүү.

Байланыш маалыматы; Ассоциациянын президенти: Токталиев Сыргак, телефон: +996 555 364636;

Бизнес-аналитик: Дуйшенов Азамат, телефон: +996 558 800363;

Электрондук почта: ukg.greenhouses@gmail.com


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий