Image

Адамдар

/kg/articles/traditcionnye-znaniia-eto-mudrost-naroda-ispytannaia-vekami/
Адамдар

САЛТТУУ БИЛИМДЕР – КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН ЭЛДИН АКЫЛМАНДЫГЫ

Акыркы учурда басма сөз барактарында, радио жана ТВ берүүлөрүндө, Фейсбуктун жана башка социалдык тармактардын баракчаларында кыргыз элинин салттуу билими тууралуу ар кандай мүнөздөгү маалыматтар пайда болууда. Көбүнесе бул жалпыга белгилүү болгон салттар жана адаттар, улуттук оюндар тууралуу, этнотур жөнүндө реклама, уз-чеберлердин жана кол өнөрчүлөрдүн коллекцияларын көрсөтүүчү коной үйлөр жана кыргыз ашканасы тууралуу толук эмес маалыматтарга барып такалат. Бул макалада биз кыргыз элинин салттык билимдери тууралуу кыскача айтып бергибиз келет.

Адегенде биз тууралуу, биздин уюм тууралуу. Биз 2003-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес, бейөкмөт илимий-изилдөө уюму. Уюмдун аты биздин ишибиздин багыттарына ылайык келет: социалдык изилдөө жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга көмөктөшүү жана айылды өнүктүрүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу. «Рурал девелопмент фанд» (Rural Development Fund), которгондо «Айыл өнүктүрүү фонду». Ал эми элдин арасында, биз иштеген жамааттарда бизди кыскача РДФ деп аташат.

РДФтин негизги багыттарынын бири салттуу билимдерди, б.а. элдин көп кылымдык көчмөн жашоо тажрыйбасына негизделген билимдерди изилдөө. Бул билимдер атадан уулга, энеден кызга берилип келген. Ушундай жол менен муундан муунга өткөн. Бир караганда жөнөкөй жана оңой эле сыяктангансыган, маселен, малды кантип асыроо жана мал семиз болушу үчүн жайытты кантип тандоо керектиги, боз үйдү кантип тигүү тууралуу, даамдуу тамакты кантип тез даярдоо тууралуу билимдер. Баланын элдин уулу жана үй-бүлө башчысы болушу үчүн, ал эми кыздын шамдагай кожейке, акылман эне жана сүйүктүү жар болушу үчүн кантип туура тарбиялоо керектиги тууралуу билимдер. Мындай билимдердин баары элдин терең даанышмандыгын, анын курчап турган дүйнө жана турмуш-тиричилик аракеттери тууралуу түшүнүгүн өзүнө камтып, жомоктор, ырлар, уламыштар, аңгемелер жана жөнөкөй гана кеңештер түрүндө муундан муунга берилип келген.

Салттуу билимдер бул тиричиликтеги маселелерди чечүүнүн практикалык методдору жана ыкмалары. Алар кылымдар бою иштелип жана оңдолуп-түздөлүп келет.

Кыргыздын салттуу билимдери тууралуу биз өзүбүздүн www.rdf.in.kg сайтыбыздын баракчасынан түшүндүрүп баштай-быз.

Биздин заманда жаштар гана эмес, калктын дээрлик баардыгы тиричилик, жумуш, эс алуу ж.б. үчүн илимдин жана техниканын инновациялык сунуштарына жетүүгө умтулат. Мындай көрүнүш албетте жаман эмес жана ал жашоонун деңгээли жогорулагандыгын, адамдын талаптарынын өсүшүн далилдейт. Бирок ошону менен бирге эле кылымдар бою топтолуп келген пайдалуу көндүмдөр биздин эс тутумдан акырындап жоголуп бараткандыгын, жана алар «тирүү компьютерлерде» гана – биздин ата-энелерибиздин, чоң ата чон энелерибиздин күнүмдүк үй-тиричилик иш-аракетиндеги баа жеткис билиминде жана тажрыйбасында гана сакталып келүүсүн байкабай келебиз.

РДФтин изилдөөчү тобу салттуу билимдерди өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле Тажикстан Республикасындагы, Туркиядагы, Кытайдага этникалык кыргыздардан чогултуп келди. Үй-бүлөдө кандайдыр бир билимдер сакталып калганы менен, абдан аз. Негизинен мындай билимдерди колдонгон ата-эненин балдары мындай айтышат: «Биздин жылкы ооруганда атам бир нерсе кылчу эле, бирок эмне экени так эсимде жок». Же болбосо «Төрөп аткан аялга апамды чакырышканда, апам баланы бир нерсе кылып эне-баланы аман сактап калган дешет»

Ал эми бүгүнкү күнү биз жаңы технологияларга, эң жаңы жетишкендиктерге багыт алып, жашообузду бир жагынан жеңилдеткенибиз менен, башка жагынан алганда туура эмес тамактанып, «туура эмес» кийинип, балдарыбызды компьютер аркылуу тарбиялап, калдыктарды сарамжалсыз төгүп, жашообузду татаалдантуудабыз. Бизди кийинтип-ичинтип жаткан Жердин байлыктарын, курчап турган дүйнөнү сактоо боюнча биздин бабаларыбыздан калган баа жеткис билимдердин жана жөндөмдөрдүн жок болуп баратканын байкабай калуудабыз. Атүгүл биз эмнени жоготуп, анын ордуна эмнеге ээ болуп жатканыбызды таңдабай жатабыз, бирок бул өзүнчө өзүнчө маселе.

Бир топ жылдарга созулган изилдөөлөрдүн алкагында жыйналган билимдерди жана жөндөмдөрдү РДФ өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жайылтып келет. Маселен, РДФтин долбоорлорунун алкагында «Боз үй кѳчмѳндѳрдүн үйү», «Кѳчмѳн жайыттары», «Тѳѳ-кѳчтүн кѳркү», «Бийик тоонун топоздору,» «Саяпкерлердин кеңештери», «Кѳчмѳн ашкана», «Кѳч ырымдары», «Жайлоо оюндары» деген 8 китептен турган эки «Мал багуучуларга жардам катары салттуу билимдердин сериясы» басылып чыкты. Айыл чарба кесиптик лицейлердин окутуу программасына киргизүү үчүн «Салттуу билимдерди окутуу боюнча колдонмо» иштелип чыкты, долбоордун пилоттук лицейлеринин мугалимдери үчүн окутуу тренингдер өткөрүлдү. Маданият жана малчынын тиричилиги (ата-бабалардын экологиялык билими, үй-бүлөлүк каада-салттар, дары чөптөр, көчмөн ашканасы, ж.б.), күлүктү жана жоргону таптоо, бабалардын ыкмалары менен жайыттарды баалоо жана мал жаюу, топозду асыроо, багуу, топоздун этинен жасалган сүт жана эт тамактары деген темалар боюнча мектептердин окуучулары үчүн жайкы лагерлер уюштурулду.

Калган катканды сактап калуу үчүн таптакыр кеч болуп кала электе артка кылчайып, кандай жашоо кечирип жатканыбызга, кайда баратканыбызга жана эмнеге алып келээрине көңүл бурушубуз зарыл. Ал эми мигрант ата-эненин кароосуз калган жаш баласын туугандары кордобошуна, жаштарды улуулар ызаатташына, улууну кичүүлөр урматташына, бизге өмүр, аба менен суу берген жаратылышыбызды талкалабоого кантип жетешебиз? Жөнөкөй болуп көрүнгөнү менен, учурдагы мыйзамдарга каршы келбестен, аларды күчөткөн ата-бабалардан калган мыйзамдарды жана эрежелер тутумун унутта калтырганыбыз айкын болууда. Бул суроолорго жооп берүүгө аракет кылып жатып, РДФте салттык билимдерди – ата-бабаларыбыздын байыркы замандагыдай эле азыркы күндө да пайдалуу жана керектүү билимдерин адамдардын эсине салуу, аларды кайра калыбына келтирүү тууралуу идея пайда болду.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий