Image

Адамдар

/kg/articles/tynchtyk-kasymbekov-zheke-ishkerden-fermerge/
Адамдар

ТЫНЧТЫК КАСЫМБЕКОВ: ЖЕКЕ ИШКЕРДЕН – ФЕРМЕРГЕ

Тынчтык Касымбеков, Сокулук айылынын тургуну, көп балалуу ата, мурда жеке ишкер, 4 жыл мурун ишин таштап, 2 трактор сатып алып туулуп өскөн айылында фермердикке өткөн. Бүгүнкү күндө ал жер иштетүүчү гана эмес, айылдык кеңештин депутаты.

- Мурда сизде талаада иштөөнүн тажыйрбасы болгонбу? Жана эмне ишкердикти өзгөртүүгө себеп болду?

- Жок, тажыйрбам болгон эмес, 2013-жылдан гана баштап иштей баштадым. Мурда жеке ишкерлик менен алектенип келгем. Эмне үчүн ишкерликтин түрүн өзгөрттүм? Бул ой кокусунан эле пайда болду. Мага дайыма эле өздүк участкамда бир нерселерди өстүрүү жакчу. Жыйынтыгында эрмегим акча табуунун каражаты болуп, 2 га жерим 80 га айланды.

- Баштапкы убакта кыйынчылыктар болдубу?

- Кыйын болду деп айта албайм, анткени мен аздан баштадым. Кредитке трактор алып, 5 га жерди сатып алуу менен арпа септим. Кийинки жылы дагы 10 га жер сатып алдым. Өндүрүшүм акырындан жолго салынып, чөп пресстөөчү жана чөп чабуучу аппараттарды, ал эми өткөн жылы дагы бир трактор сатып алууга жетиштим. Ушинтип жылдан-жылга өндүрүшүм кеңейип, азыркы күндө 60 га жерим бар. Бирок пландарда ушуну менен эле токтоп калуу деген ой менде жок. Жердештерим билбегенимди үйрөтүшүп, көп кеңештерин айтып жардам берип жатышты. Жана ошондой эле өзүмдүн тажыйрбамдын негизинде акырындап үйрөнүп кеттим.

- Сиз талааларыңызда эмнелерди өстүрөсүз?

- Арпадан башка, тоют үчүн беде, өткөн жылдан тартып кызылча өстүрөм. Эмдиги жылдан баштап кукурузаны өстүрүүнү пландаштырып жатам. Биз мал дагы кармайбыз. Кышкы күндөрү бул негизги ишмердик.

- Сиз бир нече жылда эле көп нерсеге жетишиптирсиз, алдыдагы пландарыңыз кандай?

- Биринчи эле орунда дагы бир трактор алууну пландаштырып жатам, ошондой эле болгон техниканы дагы жаңыртууга ой бар. Менин техникам европалык болгону менен көп иштегендиктен тез эле эскирип жатат.

- Түшүмдү кайда сатасыз?

- Жарымынан көбү жергиликтүү базарга кетет, калганын эмки жылдын үрөнү катары пайдаланам.

- Түшүм базарга кандай жол менен барат? Сапатын текшерүү боюнча кандайдыр бир текшерүүлөр өткөрүлөбү?

- Ооба, текшерүү жүргүзүлөт, мисалы арпа Заготзернодон анализден өтөт. Анализдин жыйынтыгы менен кардар тандоо жолу менен сатып алат.

- Азыр жазгы себүү башталды, Сиз учурда дайыма талаада болуп жатасызбы?

- Ооба, эртеден кечке дейре ушул жердемин. Бирок өзүмдүн талааман сырткары башка фермерлерге дагы кызмат көрсөтүп жатабыз. Кимге арык салып, кимге талаасын сееп берип. Бул жерде баарынын эле техникасы бар эмес, болгону бир-эки адамда гана бар. Баардыгынын эле, ошол эле трактор алуу үчүн кредит алууга мүмкүнчүлүгү жок. Менде 3 механизатор, бир жумушчу жана башкарма иштейт. Жумушчу күч жетишет, ошондуктан башкаларга фермерлерге дагы кызмат көрсөткөнгө үлгүрөбүз.

-Мамлекет кандайдыр бир жардам бербейби?

- Жок, жардам берген жок. Баардыгы өз күчүбүз менен. Бирок убада беришкен, бир нече банктар фермерлерге жеңилдетилген кредит берет деп. Аталган банктарга бардык бирк жыйынтык али жок. Ошондуктан колубузда болгон нерсе менен жердештерибизге жардам берип жатабыз. Ушул себептен карапайым калктын үнүн бийлик органдарына жеткирүү максатында айылдык кеңештин депутаты болдум. Негизинен азыр турмуш- тиричилик маселери болгон: электр энергиясынын көйгөйлөрү, жолдор жана башка ушул сыяктуу маселелерди чечүү мене ниш алып барып жатабыз. Ушул убакка чейин мектепти жана жолдорду оңдоого үлгүрдүк. Пландарда көп нерселер бар, алдын-ала айткым келбей турат.


ПОДДЕЛИТЬСЯ :





Оставить комментарий